jmo205.03.2016  11:15

Ош дубанынын Кара-Cуу районундагы Шарк айыл аймагына караштуу Кош-Таш айылында жайгашкан № 16- Абу Али Ибн Сина атындагы орто мектепте «Жылдын мыкты окуучусу – 2016» кароо сынагы өткөрүлүп, ага ушул мектепте уюшулган «Ак-Тилек», «Радуга», «Ынтымак», «Достук», «Новбахор», «Ыйман нуру» Балдардын өз жардам топторунан тандалган окуучулар катышышты.

Мында балдардын сабакка болгон жетишүү-катышуусу, билим деңгээли, активдүүлүгү, өнөрү атайын түзүлгөн калыстар тобу тарабынан аныкталып, 1-орунду «Радуга» тобунан Мухтар кызы Мээримай, 2-орунду «Ак-Ниет 1» тобунан Улукбек кызы Зилола, 3-орунду «Ынтымак» тобунан Розувай кызы Турсунай ээлешти жана алар “Жылдын мыкты окуучулары” деп табылышты. Атаандаштарын артка калтырган окуучулар мектеп жетекчилиги тарабынан белгиленген баалуу сыйлыктарды алышты.

jmo1

jmo3

Эрлан Давлатов
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин
коомчулук менен байланышуу кызматкери