“Эрайымдын” кербени Ишкаванга келди
05.03.2016 11:29
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин Ош облусундагы бөлүмүнүн активисттери атайын “Кербен жүрүшүн” башташып, алар бүгүн алгачкы сапарын Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагына караштуу Ишкаван айылынын тургундары менен жолугушуудан башташты. Бул боюнча аталган уюмдун областтагы коомчулук менен иштөө кызматкери Эрлан Давлатов маалымдады.
Анын айтуусунда “мындай жүрүштүн максаты көп улуттан куралган бул айылдын калкынын арасындагы достукту, ынтымакты чыңдоо багытында ар кандай маданий иш-чараларды өткөрүү, элдин суроо талабын угуу, алардын активдүүлүгүн көтөрүү, окшош болгон көйгөйлүү маселени тактоо жана аныктоо, аны чечүүнүн жолдорун издөө. Айыл жергесиндеги БӨЖТ менен ӨЖТлардын ишин жакшыртууга түрткү берүү. Аталган уюмдун областтагы тирекчиси Нарынкүл Дюшеналиева баш болгон топ К.Маткеримов атындагы орто мектепте уюшулган балдардын жана чоңдордун Өз жардам топторунун иш аракеттери тууралуу да маалымат берип кетишти. Эми бул кербен Мады айыл аймагында болот.
Бактыкан Ажымаматова, Ош облусу