“Эрайымга” ырахмат

Ар кимде бар ар тилек, ой-кыялы
“Тилегим ишке ашса” деп, самайт баары
А бирок, аны ишке ашырууга
Мээримдүү адамдардын керек экен жардамы.

А менин кыялым бар,Айтурган Абдымажитова Билимдүү адам болууну самайм
Англис тилин үйрөнүп
Американы көрүүнү каалайм

Биздин кыялдарды ишке ашырууга,
“Эрайым” тобу жардамга келди.
Билимге талпынган окуучуларга,
Ийримдерди ачып берди.

Кызыгуу менен англис тил ийримине,
Калтырбай барып катышамын.
Кызыктуу экен англис тил дүйнөсү,
Баарысы менен тааныштым.

Англис тил ийриминде,
Биз көп нерсени үйрөндүк.
А түгүл алыстан келген коноктор менен,
Биз англис тилинде сүйлөштүк.

Карачы кандай керемет,
Англис тил ийрими.
Баары бар: кызыктуу оюну,
Башкатырма, ырлары.

Ошолор менен сабак кызып,
Англис тили ачты кенен сырларды.
Англис тил ийримине катышып,
Билимимди дагыда өркүндөтө баштадым.

Келечекте Айпери эжейимдей мугалим болуп,
“Окуучуларды англис тил ийримине,
Кызыктырып окутам” деп,
Келечеке чоң кадам таштадым.

Бизге талыкпай билим берген
Эжейлерге ырахмат!
“Эрайым” АКБ да иштеген агай-эжейлер,
Ар дайым жүрсүн сак саламат.

Айтурган Абдымажитова, Базар-Коргон району,
Ысак уулу Тешебай атындагы орто мектептин окуучусу,
Англис тили ийриминин катышуучусу