superkelinchek413.05.2016    17:44

Ош дубанынын Кара-Суу районундагы Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарынын тургундары үчүн «Супер келинчек – 2016 » кароо сынагы Шарк айылында жайгашкан № 16 - Абу Али Ибн Сина атындагы орто мектебинде «Үйүң тынч - Аалам тынч» деген ураан менен өткөрүлдү.

Ага ушул айыл аймактарда өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзүп жаткан ӨЖТ жана БӨЖТ мүчөлөрү катышып, аталган сынакка 18 жаштан 35 жашка чейинки таланттуу 8 келинчекти ар тараптан колдоп турушту. Аялдардын коомдогу орду, аларга камкор мамиле жана бүткүл дүйнөлүк ынтымакты, достукту даңазалоого арналган иш-чара «Эрайым» аялдар коомдук бирикмесинин Ош облусундагы активисттери тарабынан уюштурулду.

“Бул иш-чараны өткөрүү мененайыл жергесиндеги аялдардын маданий эс алуусун уюштуруу жана эстетикалык табитин арттыруу, интеллектуалдык, маданий руханий деңгээлин жогорулатуу, аялзатына таандык аруулукту, тазалыкты, нарктуулукту, барктуулукту, акылгөйлүктүн үлгүлөрүн жаштарга көрсөүүгө көмөктөшүү”- экендигин уюштуруучулар белгилешти.

Айыл жергесинде сейрек гана өткөрүлүүчү мындай маанилүү, маданий иш-чара быйылкы жылда өлкөбүздө белгиленип жаткан “Маданият жана тарых” жылына да арналды. Өз өнөрлөрүн ар тараптан таанытуу, үйдө жана коомчулукта өзүнүнү ордун таанытуу үчүн сынакка катышып жаткан келиндердин өнөрүн калыс баалап туруу үчүн . Шарк айыл аймагындагы маданият үйүнүн мүдүрү Умида Хакимова, Мады айыл аймагынан “Жакшылык” ӨЖТ мүчөсү Акбермет Түмөнбаева , Кызыл-Кыштак айыл аймагынан “Аруузат” балдар бакчасынын жетекчиси Жылдыз Капаровалар чыныгы калыстыктын үлгүсүн көрсөтүштү. Ал эми сынакка катышкандар “Саламдашуу”, “Акылкарачач”, “Өнөрүң болсо өргө чап”, “Стилдүү келинчек”, аталышындагы беш тапшырманы аткарышты. Иш-чарага келип, көрүүчү катары олтургандар да ар бир келинчектин өнөрүнө куштар болушуп, аларга дем-күч берип турушту. Акыры сынактын жыйынтыгы чыгып, «Супер келинчек»наамын “Радуга” кесиптик ӨЖТ мүчөсү Абдуллаева Шахноза жеңип алды. Ал эми «Айылдын акыл Карачачы»болуп “Эзоз” ӨЖТ мүчөсү Эргешова Умида менен “Ак ниет” ӨЖТ мүчөсү Назирова Арофаттар аталышты. “Жакшылык”ӨЖТ мүчөсү Болотбекова Гүлбара болсо «Ажарлуу келинчек» деп таанылды. Мындан сырткары сынактын катышуучулары,“Ынтымак” ӨЖТ мүчөсү Камаллидин кызы Гүлбурак, “Кожо” ӨЖТ мүчөсү Сайдахматова Махабат, “Бийхан” ӨЖТ мүчөсү- Ибрагимова Айкөл, “Үмүт” ӨЖТ мүчөсү Хамзаева Наргизалар “Мактоо баракчаларын” жана “Эрайым” АКБсы тарабынан даярдалган кызыктыруучу сыйлыктарды алышты.

superkelinchek5

superkelinchek6

superkelinchek3

superkelinchek2

superkelinchek1

Давлатов Эрланбек,
“Эрайым” АКБнын Ош облусу боюнча коомчулук
менен байланыш кызматынын башчысы