“Кыйылган өмүр” форум театры
13.05.2016 19:20
Базар-Коргон районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жатак мектебинде иш алып барып жаткан “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин психолог-тренерлери Калдарбекова Жылдыз менен Назаралиева Дилфузанын жетекчилиги алдында форум театры өткөрүлүп, анда окуучулар “Кыйылган өмүр” сценкасын даярдашып, андагы окуяларды, алган обьектини жана каармандар тууралуу ой-айтууну окуучулардын талкуулоосуна коюшту.
Мында негизинен кыздардын эрте турмушка берилиши, кайнененин келинге карата каардуу жоругу, физикалык жактан жетиле элек кыздын төрөттөн каза болгон тагдыры айтылат. Иш-чараны уюштуруучулардын бири психолог-тренер Назаралиева Дилфузанын айтымында “Аталган мектепте 2013-жылдан бери форум театры иштейт. Ал эми бул жолку форумду даярдоого мектепте иштеп жаткан БӨЖТлардын мүчөлөрү тартылышкан. Психологдор тарабынан мезгил-мезгили менен тренингдерди өткөрүшүп, көнүгүмдөрдү үйрөтүшүп, балдардын оюн ачык айтуусуна, тартынчаактыктан арылтууга өбөлгө түзүшкөн”. Ошондон улам окуучулар форум театрына активдүү катышышып, андагы окуя кыйла талаш-тартышка түштү. “Сценкадагы окуяны башкача кылса болот беле, каармандардын психологиясын, аң-сезимин башка жакка бурса болот беле?” деген сыяктуу суроолор берилип, балдар ага карата ойлорун ачык айтып жатышты. Негизи мектеп окуучулары жең ичинен кудалашуу, кыздарды эрте турмушка берүү салтына каршы экендиктерин билдиришти.
Бактыкан АЖЫМАМАТОВА