Окуучунун сүрөт көргөзмөсү
16.05.2016 15:37
Базар-Коргон районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жатак мектепте анын 10-классынын окуучусу Курстанбек уулу Бектурдун сүрөт көргөзмөсү өттү.
Ал графика, живопись жанрындагы жүзгө жакын сүрөттөрүн коюп, ата-энеси, жакындары, бирге окуган курбулары жана мектеп мугалимдерин таң калтырды. Анткени анын кыл калеминен тартылган портреттер жана жаратылыш, чөйрө, кооз аймактардын элесин берген керемет дүйнө дасыккан сүрөтчүнүн колунан жаралгандай элес берет.
Келечекте чоң сүрөтчү болсом деп, өзүнүн таекеси, белгилүү сүрөтчү, Россия жергесиндеги номур биринчи сүрөтчү катары эсептелип жүргөн Туман Жумабаевди кумир тутуп, алдына чоң максат койгон. Атасы Курстанбек райондук ички иштер бөлүмүндө иштейт, апасы Бааркан мугалим. Алар төрт баланын арасында чоңоюп келе жаткан таланттуу уулуна бардык шарттарды жаратып, анын келечегинен көптү үмүттөнүп жатышканын айтат.
Бул иш чарага кол кабыш көрсөткөн “Эрайым” аялдар коомдук биркмесинин областтагы координатору Кишимжан Боронбаева мындай көргөзмөнү областтык деңгээлде уюштуруу зарылдыгын айтуу менен Бектурга аталган уюмдун “Ардак грамотасын” тапшырды.
Бактыкан АЖЫМАМАТОВА