Энелер мектеби217.06.2016   10:00

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин Ош облусу боюнча коомчулук менен байланыш кызматынын жетекчиси Эрлан Давлатовдун билдиргенине караганда Бишкек шаарындагы “Акжол” балдар бакчасынын мүдүрү, “Эне мектеби” ресурстук борборунун жетекчиси Дильнара Майкулакова атайы келип, аталган коомдук бирикменин бул областтагы активисттери менен жолугушту жана атайын окуутууларды да өткөрдү.

Өткөн жылы да Дильнара айым бул багытта атайын окутуу-семинарын өткөрүп, “Эне мектебин” уюштуруу, аны ишке киргизүү жана анын максаттары, багыттары тууралуу кеңири түшүндүрмө берип кеткен. Анда билим алган бир катар активисттер айыл жергесинде Балдар бакчаларынын жетишсиздигин, айрым жерлерде таптакыр эле жоктугун эске алышып, кичинекейлерди камкордукка алуунун жолун издей башташкан. Аталган уюмдун Ош дубаны боюнча тирекчиси Нарынкүл Дюшеналиеванын айтымында “өзгөчө ата-энелери Россияда же башка аймактарда иштеп, балдарын чоң-ата, чон энелеринин колунда калтырып кеткен мигранттардын балдарын тарбиялоого көңүл бурушкан. Айылда мындай балдар өтө эле көп. Алардын убагында тамактануусуна, билим алуусуна кары адамдар жетиштүү көңүл бура алышпайт. Ошондуктан “Эне мектептери” алар үчүн табылгыс жай болуп калат.”-дейт ал. Дагы бир ирет атайы окутуудан өткөн айымдарга сертификат тапшыруу ирмемине “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин жетекчиси Рахила Жусупова айым да күбө болду жана ал бул кезге чейин иштеп жаткан “Эне мектептеринин” иши менен да таанышты.

Энелер мектеби3

Энелер мектеби2

Энелер мектеби1

Бактыкан Ажымаматова