Dostukjazy217.06.2016   10:23

«Эрайым» аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштыруу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын чыңдоо” атылышындагы долбоордун алкагында Ош дубанына караштуу Кара-Суу районундагы бир катар мектептерде иштеп жаткан кол өнөрчүлөр, комуз жана бий ийримдеринин катышуучуларынын ортосунда Курманжан датка атындагы орто мектептин залында “Достук жазы-2016” иш чарасы уюштурулду.

Ага Шарк, Кызыл-Кыштак, Мады айыл аймактарындагы мектептерде түзүлгөн БӨЖТ мүчөлөрү да күбө болушту. “Кол өнөрчүлөр” ийриминин катышуучулары өздөрү жасаган не деген керемет буюмдарды көргөзмөгө коюшса, комузчулар болсо ар улуттун музыкаларын комуздун коштоосунда аткарышып, катышуучулардын жарпын жазышты. Ал эми бийчилер болсо бир эле кыргыздын эмес, башка улуттун да бийлерин чимириле бийлешип, ийрим аркылуу көп өнөрдү үйрөнүшкөнүн далилдешти. Мисалы Шарк айыл аймагынан комуз ийримине катышкан өзбек улутундагы Саипова Зулхумар, Нуманов Бабурлар кыргыздын улуттук аспабы болгон комузда «Жайлоо бийи» күүсүн так жана уккулуктуу аткарышып, көрүүчүлөрдү таң калтырышты. Ал эми Мады айыл аймагынан мүмкүнчүлүгү чектелген БӨЖТ топтун мүчөсү Мээрим шыңгыракты мыкты коштоп, өзбек элинин улуттук аспабы рубапта болсо «Катюша» ырын ойногон кыргыз улуттундагы Адилет болду. Ишкаван айылынан келген БӨЖТ топ мүчөлөрүнүн атынан түрк улутундагы Санжар Алиев өзбек улутунун музыкалык аспабы аталган дойрада кол ойнотуп келген коноктордун жарпын жазышты.Бул достук майрамы балдардын мындан аркы достугу менен биримдигин чыңдоого дагы да жакшы таасирин тийгизгендигин уюштуруучулар белгилешти.

Dostukjazy3

Dostukjazy1

Dostukjazy4

Эрланбек Давлатов, Ош облусу