orustili17.06.2016   10:43

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан эки жарым жылдан бери колго алынган “Салттык жана заманбап усулдарды колдонуу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын чыңдоо” аталышындагы долбоордун алкагында Ош дубанына караштуу Кара-Суу районундагы Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында жайгашкан №16-Аби Али Ибн Сино, № 117- К. Маткеримов, № 86- Курманжан Датка атындагы орто мектептеринде сегиз ийрим түзүлүп, балдар акысыз ал ийримдерге катышып, кошумча билим алышууда жана өнөр үйрөнүшүүдө.

Алардын катарында орус тили ийрими да ийгиликтүү иштеп жаткандыгы байкалат. Бул ийримдерге катышып жаткан балдар Өз жардам топторуна биригишкен. Ийрим жетекчиси Айтурган Абдурахманованын билдирүүсүнө караганда Шарк айыл аймагында 9, Кызыл-Кыштак айыл аймагынан 28, Мады айыл аймагынан 23, ал эми Өз жардам тобуна кошулбаса да, өз алдынча он окуучу тартылып, жалпы Ош дубаны боюнча 70 окуучу орус тили ийримине катышууда. Орус тили азыркы кезде улуттар аралык байланыш түзүү, баарлашуу тилине айланып, айрыкча сыртка чыккан мезгилде ар улуттун балдары бири-бири менен орус тилинде гана пикир алышууга мүмкүн экендигин эске алган окуучулар, бул тилди сүйүп гана тим болушпастан, тереңдете билип алууга ынтызар болуп жатышат. Орус адабиятын эркин окушуп,ырларды жатташып, баарлашууларды, оюн-тамашаларды өткөрүп жатышат. Сабак заман талабына жараша эл аралык стандартты колдонуу аркылуу өтүлүп жаткандыгы менен да өзгөчө экендигин белгилейт.

orustili1

orustili2

orustili3

Эрланбек Давлатов, Ош облусу