Эки күндүк көнүгүм Бишкекте болуп өттү
17.06.2016 11:07
2016-жылдын 6-7-июнунда Германиянын «Дүйнөгө нан» (Brot fur die Welt) эл аралык уюмунун Жакынкы Чыгыш, Түштүк, Кавказ жана Борбордук Азия боюнча бөлүмүнүн долбоорлорду бейлөө (мониторинг) жана баалоо боюнча консультанты Нивес Коник (Nives Konik) айым «Эрайым» аялдар коомдук бирикмесинде болду.
Ал ушул эки күндүн ичинде «Эрайым» АКБнин Бишкектеги борбордук кеңсесинде «Эрайымдын» кызматкерлерине жана Ош, Жалал-Абад дубандарындагы уюмдун «Дүйнөгө нан» уюму колдоого алган «Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө достукту, ынтымакты бекемдөө» долбоорунун алкагында иштеп жаткан кызматкерлерге долбоорду бейлөө (мониторинг) жана баалоо боюнча окуу көнүгүмүн өткөрдү. Көнүгүм абдан кызуу талкуу менен өттү. Катышуучулар бул окуудан көп маанилүү маалыматтарды алышты. Топтук иштер болуп, анда учурдагы долбоордун алкагында практикалык иштер иштелди.
Эраланбек Давлатов, Ош облусу