Сэмаыль18.07.2016   13:47

Түштүк Корея мамлекетинин бул өлкөнү кризистен чыгарып, калкынын жашоосун жогорулатууга чоң өбөлгө берген “Жаңы айыл кыймылынын” Сэмаыль Ундон программасы азыркы кезде дүйнөнүн 20дан ашуун мамлекет колдоого алып, өнүгүүнүн тажрыйбасын колдонуп жатышат. Анткени аталган программа элдин демилгелүү аракетин колдоп, “балык жегенди эмес, кайырмакты колго берип, балык кармоону” үйрөтөт. “Мамлекет мага бериш керек” деген принцип менен жашабай, “мен мамлекетке беришим керек” деп, жоктон барды жаратууга жол ачып берет.

Чосон династиясы 5000 жыл

Кореядагы тарых таржымалга токтоло турган болсок, Корея өлкөсү 5000 жыл Чосон империясы болуп келген, 1910-жылдан тартып 35 жыл Жапониянын колониясы болуп 1945-жылы эгемендүүлүккө жетишкен. Бул кубаныч көпкө узабай 1950-жылы граждандык согуш башталып, ал үч жылга созулат жана мамлекет экиге бөлүнүп калат. Кыйроолор өтө чоң болуп, калктын жашоосу жүздөгөн жылга артка кетет. Эл жакырчылыктын сазына батат. Сырттан байкоо жүргүзгөндөр “бул мамлекеттин кайра калыбына келиши үчүн бери жагы эле жүз жыл убакыт керектигин” айтышат.

Эмгек лагери. Жапон оккупациясы. 1910 1945 жж. 35 жыл1961-жылы мамлекетте аскердик төңкөрүш болуп бийлике жаш реформатор Пак Чонхи келет. Ал элди жакырчылыктан чыгаруунун жолдорун издей баштайт. Жакыр мамлекетте жаратылыш кырсыктары дагы көп орун алып, мамлекетти дагы да жакырчылыктын сазына тартат. Президент жылда болуучу суу ташкындарынан кийин Кореянын провинцияларын кыдырып жүрүп Пусан провинциясында суу ташкындарынын кийин жергиликтүү элдердин өз аракеттери менен кайра өз калыбына келген айылды көрөт. Бул жергиликтүү мээнеткеч элдин демилгелүү аракети айылдардын өнүгүүсүнө өбөлгө болоорун Президент түшүнүп, демилгени Кореянын башка айылдарына жайылтуу демилгесин көтөрүп, 1970-жылдын 22-апрелинде “Сэмаыль Ундон” (жаңы айыл кыймылы) кыймылын расмий түрдө жайылтууну баштайт. 

Пак ЧонхиПрезиденттин демилгеси менен ошол кезде Кореяда болгон 33267 айылга 335 каптан цемент жашоо шарттарды түзөтүү үчүн таратып берилет. Элге берилген цемент максаттуу айылга колдонулсун жана эч ким үйүнө ташып кетпейт деген шарттар коюлат. Жыйынтыкта 16600 айыл коюлган талапка ылайык колдонуп, жашоо шарттары кадыр эсе жакшы жакка өзгөрүп, аларга шыктандыруу үчүн 500 каптан цемент 1 тоннадан арматура берилет, ал эми максатсыз колдонгон айылдарга эч нерсе берилбейт. Бул аракет калган айылдын элдеринин аң сезимин да ойготуп, алардын жакшы жашоого аракет кылуусун дагы жараткан. Кыймыл айылдардан башталып, кийинчерээк Кореянын шаарларында ар тармактарга да жайылган. Натыйжада жардам алуучу жакыр өлкө 40 жылдын ичинде эң алдынкы жардам берүүчү өлкөгө айланды. Учурда Корея өлкөсү эң өнүккөн өлкөлөрдүн катарында 10-орунда турат.

Кореянын өнүгүү тажрыйбасын көптөгөн мамлекеттер колдонууда. Акыркы 3 жылдын ичинде бул саамалыктан кабары бар жыйырма мамлекет бул программа менен иштегенге киришкен. Алардын катарында Кыргызстан да бар. Кыргыз Өкмөтү бул программа боюнча маалымат алып, кызыкдар экендигин билдирип учурда тажрыйба 9 пилоттук айылда ишке ашып баштады. Кыймылдын 3 деми – эмгекчилдик, өз жардам жана кызматташуу болгондуктан, демилге төмөндөн жаралса, аны колдоо бийлик тарабынан болуусу шарт. Аталган уюмдун кызматкери Маматказы Капаров Түштүк Кореяда атайын 10 күндүк окуудан өтүп келип, Ош жана Жалал-Абад областтарындагы уюмдун жамаатына жана өз жардам топторуна атайын көнүгүм өткөрдү. Белгилеп кетүүчү жагдай Ош областынын Кара-Суу районундагы Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында элүү Өз жардам тобу иштеп жатса, Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун Акман жана Базар-Коргон айыл аймактарында жана Жалал-Абад шаарынын Чынгыз Айтматов аймактык башкаруусунда отуз Өз жардам тобу түзүлгөн жана алардан башкы багыты достукту жана ынтымакты чыңдоо аркылуу демилгелүү аракеттерди жүзөгө ашыруу, жакшы жашоого багыт алуу, тажрыйба алмашуу. Ушундай багытта иштеп жаткан ӨЖТлардын аракети менен айыл жергесиндеги социалдык маселелер чечилип, элдин активдүүлүгү жогорулап бараткандыгы байкалат. Бул уюмдун жетекчиси Рахила Жусупова жана долбоор тирекчиси Гулнара Нурматовалар да мындай окуу-көнүгүмдөргө катышып, баалоо иш-чарасын өткөрүштү.

Баалоо жараяны1

Баалоо жараяны3

Баалоо жараяны4

Баалоо жараяны2

 Бактыкан Ажымаматова