ASA29.07.2016   14:37

«Эрайым» АКБсы 10 жылдан ашуун убакыттан бери Германиянын Инвент коомунун АСА программасы менен кызматташып келет.

АСА штаб квартирасы Германияда болгон өнүктүрүү саясаты боюнча окутуу программасы болуп эсептелет. Программа чындык жана туруктуу өнүгүү үчүн күрөшкөн, адам укуктарын жана маданий баалуулуктарды баалаган активдүү жаш европеецтерди колдоого багытталган.

АСА программасы Инвент коомунун программаларынын тизмесине кирет жана ал көбүнчө Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү боюнча Федералдык министрлик (BMZ) тарабынан каржыланып, саясий көз карандысыз жана бейөкмөт программа болуп саналат. АСА программасы ар жылы Европанын 250 жаштарына өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жардам берүү саясаты тармагында билимин жогорулатууга багытталган программага катышууга мүмкүнчүлүк берет. Билим деңгээлди жогорулатуу боюнча программа даярдоо этабынан, четте өтүүчү 3 айлык стажировкадан жана ишмердүүлүктүн жыйынтыктарын анализдөөчү семинарлардан турат. Стажерлер учурдан пайдаланып өнүктүрүү максатында глобалдык байланыштар, ар түрдүүлүк жана эл аралык жардам жөнүндө өздөрүнүн билим-тажрыйбаларын кеңейтишет.

Бул жылы “Эрайым” АКБсы Германиядан Екатерина Фрейденберг (Ekaterina Freidenberg) и Яна Вилле (Jana Wille) аттуу эки ыктыярчыны 3 айлык мөөнөткө кабыл алды. АСАнын ыктыярчылары “Туруктуу туризм жана айыл жерлеринин өнүктүрүүдө катышууну күчөтүү” долбоорунда катышат. Долбоор “Эрайым” АКБсынын өз жардам топторунун арасында экотуризмди жана социалдык ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган.

“Эрайым” АКБсы АСА ыктыярчылары менен биргеликте экотуризмди жана социалдык ишкердикти өнүктүрүү боюнча болжол иштеп чыгууну, ошондой эле туризм жана ишкердик чөйрөсүндө алектенген ӨЖТ мүчөлөрүнө жардам берүүнү болжолдоодо.

Долбоордун негизги компоненттери бул экотуризм концепциясын жана социалдык ишкердикти “Эрайым” АКБсынын бенефициарларынын арасында жайылтуу болуп саналат.

ASA

ASA2

Маматказы Капаров