“Эне мектептеринин” саны өсүүдө
09.03.2016 11:54
Эгемендүүлүк майрамына карата “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан Кара-Суу районундагы Шарк, Кызыл-Кыштак жана Мады айыл аймактарында уюштурулган Өз Жардам топторунун мүчөлөрү жакшы белек камдашты.
Алар Шарк айыл аймагына караштуу Бабалашкар айылынын Жаштар көчөсүнүн тургуну Дилара Курбанованын жетекчилиги менен “Эне мектебин” ачышты. Бул жайга адегенде отуз баланы кабыл алышты. Мында негизинен ата-энелери сыртта мигрант катары иштеп жүргөн балдар кабыл алынган. Балдарды ар тараптуу камкордукка алган бул жайдын ачылышы болуп, майрамдын шаңы менен кызыл тасмасы кесилди. Аталган уюмдун Ош облусундагы өкүлдөрү, жергиликтүү бийликтин адамдары жана айыл тургундары ал салтанаттын күбөлөрү болушту. Эми бул жай балдардын билим ала турган, өнөр үйрөнүүчү жана экинчи ата-энелик милдетти аткарган тарбиячылардын камкордугуна бөлөнгөн сүйүктүү жайы болуп калат.
Эрлан Давлатов,
“Эрайым” АКБнын Ош облусу боюнча
коомчулук менен байланыш адиси