Суусар айымдын демилгеси
09.09.2016 14:32
Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Нариман айыл аймагында Каратай аталышында чакан кыштак бар. Ал жерде ар улуттун өкүлдөрү ынтымакта, бир үй-бүлөдөй биримдикте жашашат. Жергиликтүү калк негизинен дыйканчылык менен алектенишет.
Бул тарапта жаз эрте келет. Андыктан колго кетмен көтөрүп, алар тээ ала жазда эле талаага чыгып кетишет. Кичинекей наристеси бар жаш келиндер, балага каралап, талаага чыга албай калышат, же башка жумуштарынан да баланын айынан калып калышат. Негизи бул айылга бала бакча керек. Союз учурунда андай кичинекейлерди асыраган жайлар болгон. Бирок, бардыгы сатылып кетти, же иштебей калды. Ошол эле мезгилде көпчүлүк ата-энелер “бала-чаканы багам, каражат табайын” деп, Россия, Казакстан сыяктуу өлкөлөргө мигрант катары кетишти. Балдар болсо көчөкөйдө көп жүрүп, эртели кеч убагында тамак ичпей, көпчүлүгү кароосуз калышты. Мына ушундай жагдайды туура түшүнгөн Каратай айылынын тургуну Суусар Осмонова айым “Эне мектебин” ачуу демилгесин көтөрүп чыкты. Бул оюн “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин облусттагы активисттерине билдирди. Анын демилгесин аталган уюм колдоп, анын аракетин колдоп, көмөк көрсөттү. Ошентип кырк балага ылайыкташтырылып “Бөбөктай нуру” аталышында “Эне мектеби” ачылды. Анын ачылышы айылдыктар үчүн чоң кубаныч болду. Демилге көтөрүп, аны ишке ашырган Суусар айымга айылдыктар терең ыраазы болуп жатышат. Эми алардын тилеги бөбөктөрдүн бул жайы туруктуу иштесе болгону. Анын ачылуу аземине “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин облусттагы өкүлдөрү, ӨЖТ мүчөлөрү, айыл тургундары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты.
Эрлан Давлатов