109.09.2016  15:07

Кундуз кичинесинен маданият кызматкери болууну самачу. Анан диктор болуп, эл алдына жаркылдап чыгып, маалыматтарды айтып турган телекызматкери да болгусу келген. Мектептеги бардык маданий массалык иштерге биринчилерден болуп катышып, ырдап, бийлеп, сынактардын жеңүүчүсү катары да таанылып жүргөн. Ошентип, ар өнөргө шык коюп жүрүп, Базар-Коргон районундагы М.Элебаев атындагы орто мектепти аяктады.

Негедир комуз үйрөнгүсү, ага кошулуп, обон созуп ырдагысы келди да, белгилүү обончу, дастанчы Бурул Стамкуловага келип, андан комуз үйрөнө баштады. Дээринде бар кыз, кыска аралыкта эле бир топ күү, анан обондуу ырларды үйрөнүп алды. Азыр ал “Мен дүйнөнү апам менен тааныгам”, “Атама”, “Кызган мени”, “Баарым болчу”, “Келчи кайра” деген ырларды даярдап, эл алдына чыга баштады. Ага комуз карматып, анын кылдарын тердирип, күүгө келтирүүгө каныктырган Бурул Стамкулова окуучусу тууралуу мындай дейт.” Кундуз шыктуу кыз. Бир нерсени тез кабыл алат. Эч качан эки ирет кайталабайм, бир жолу гана көрсөтүп берем, анан ал өз алдынча изденип олтуруп, мен көрсөткөндөй кылып, үйрөнүп алат. Мугалим үчүн ошол керек да. Кээ бирөөлөр бар, канча айтсаң да кабыл алуусу жакшы болбой, бизди да кыйнайт. Эгер менин окуучуларымдын бардыгы Кундуздай болсо, анда көп ийгиликтер жаралмак”- дейт ал.

Биз сөз кылган Кундуз Абылкасымова “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан Акман айыл аймагында түзүлгөн “Айзат” Өз жардам тобунун активдүү мүчөсү. Айыл жергесиндеги майда-барат көйгөйлүү маселени жеринен чечүү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте социалдык маселелерди жөнгө салуу жагдайында анын да салымы болуп жатат.

2

1

Бактыкан Ажымаматова