13.12.2016     12:39

Германиянын "Дүйнөгө нан" (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын чыңдоо” долбоорунун алкагында түзүлгөн өз жардам топторунун "Өз жардам тобу- тынчтыктын жана өнүгүүнүн көпүрөсү" аттуу форуму өткөрүлөт.

Форум 14-декабрда Ош дубанында, 16-декабрда Жалал-Абад дубанында болот.

Форумдун максаты: Жергиликтүү деңгээлде элдердин тынчтыгын, ынтымагын, достугун, биримдигин чыңоо жана жарандардын көйгөйлөрүн чечүү максатында ӨЖТ күчүн бириктирүү. Форумда ӨЖТ мүчөлөрү "Этномаданият жана толеранттуулук", "Кичи ишкерлик жана жумушсуздук", "Билим жана коом", "Ички түзүлүш (инфраструктура) жана айлана-чөйрө" багыттары боюнча топтук иштерге бөлүнүшүп, долбоордун максат, маселелерин иш жүзүнө ашыруудагы жаралган ийгиликтер жана топтолгон тажрыйбаларды талкуулашат. Мындан сырткары багыттар боюнча көйгөйлөрдү аныкташып, аларды чечүү максатында форумдун резолюциясын кабыл алышат.

Форумга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштууу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин райондук өкүлдөрү, айыл аймактын жетекчилери, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, долбоордун аймагындагы мектептин мүдүрлөрү, ӨЖТ мүчөлөрү катышат.