“Өз Жардам тобу - тынчтыктын жана өнүгүүнүн көпүрөсү” форуму
15.12.2016 11:52
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан Германия өлкөсүнүн “Дүйнөгө нан” уюмунун колдоосунда үч жылдык мөөнөт менен 2014-жылы тартылып келген “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын чыңдоо” долбоорун жыйынтыктоо багытында Ош облусунда “Өз Жардам тобу - тынчтыктын жана өнүгүүнүн көпүрөсү” аталышында форум болуп өттү.
Ага аталган облустта долбоорго тартылган ӨЖТлардын мүчөлөрү, долбоордун жумушчу тобу жана активисттери катышышты. Форумда “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин төрайымы Рахила Жусупова куттуктоо сөзүн айтуу менен долбоордун алкагында аткарылган иштерге кеңири токтолуп кетти. “Бул долбоор силердики анткени ал силердин кызыкчылыгыңар үчүн кызмат кылып жатат. Аны силер өз турмушуңардан улам жакшы билдиңер. Биз мындан үч жыл мурда силер менен алкачкы ирет жолугушканда, ӨЖТ деген эмне экендигин, ал кандай максатты көзөй тургандыгын кеңири тушүндүргөнбүз. Аталган долбоордо биз элдердин тынчтыгын, достугун, ынтымагын биримдигин бекемдөөгө жана алардын социалдык-экономикалык укуктарын таанытып, өздөрү алып чыккан негизги муктаждыктарын өз колдору менен чечүүгө багыттоого бекеринен Өз Жардам тобунун тастыктамасын колдонгон жокпуз. Бул ыкма кээ бир өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө кеңири колднулат. Мисалы, Индия, Бангладеш, Индонезия, Түштүк Корея. Түштүк Кореядагы “Сэмаыль Ундон”, кыргыз тилине которгондо “Жаңы айыл кыймылы” программасынын тажрыйбасы туралуу да айтып бергенбиз. ӨЖТ тобунун түзүлүшү элди ынтымакка, биримдикке, достукка алып келет. Себеби, бир айылда, же бир көчөдө жашаган тургундар жашына, улутуна карабастан биригишет дагы, өз айылындагы көйгөйлөрдү чече башташат. Алар төрт багытта иштеп жатышат. Анын башкысы экономикалык багыт, бул барып келип жакшы жашоого, ар бир үй-бүлө турмушун жакшыртуунун жолун табууга түрткү берет Элет жеринде да ишкерликти өнүктүрүүгө жол ачат. Ал эми социалдык багытта болсо ӨЖТ мүчөлөрү өздөрү жашаган айылдагы жолдорду оңдоо, таза суу чыгаруу, жарыктандыруу маселелерин чечип жатышат. Экологиялык багытта жашылдандыруу, айлана-чөйрөнү коргоо жагдайында көп жакшы иштерди алып барышууда. Долбоордун дагы бир компоненти “Эне мектебин” ачуу. Анын алкагында кырктай “Эне мектеби” ачылып, ага миңге жакын бала тартылды.”- деди, ал өз сөзүндө.
Андан кийин долбоордун алкагында аткарылган иш чараларды чагылдырган 20 минуталык фильм көрсөтүлдү. Форумдун катышуучулары төрт топко бөлүнүшүп, иштешти. Биринчи топ “Кичи ишкердик жана жумушсуздук”, экинчи топ “Билим жана коом”, үчүнчү топ “Этномаданият жана толеранттуулук”, ал эми тортүнчү топ “Ички түзүлүш жана айлана чөйрө” деген темада ар бири жасап жаткан иштеринин мисалында талкуу жүргүзүштү. Форумдун экинчи күнү “Тегерек стол” ыкмасында өтөт. Ага долбоор менен кызматташ болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мектеп директорлору, коомдук активисттер катышат. Ушундай эле иш чара Жалал-Абад облусунда долбоорго тартылган аймактардын активисттеринин катышуусунда жүрөт.
Бактыкан Ажымаматова, “Эрайым” пресс