Мыктылардын эмгеги бааланды
15.12.2016 12:07
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан үч жылдан бери Ош облусунун Кара-Суу районунда, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району менен Жалал-Абад шаарындагы Ч.Айтматов аймактык башкармалыгында ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштыруу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын чыңдоо” долбоорун жыйынтыктоо таризиндеги “Өз жардам тобу тынчтыктын жана өнүгүүнүн көпүрөсү” аталышындагы форум Ош облусу боюнча өтүп жатат.
Анын экинчи бөлүгүндө долбоордун алкагында активдүү иш алып барган ӨЖТлардын жана мектептердин эмгеги бааланды. Мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин Кара-Суу району боюнча өкүлү Даана Бекташева “Эрайым” АКБнын “Ыраазычылык катын” алды. Ал эми долбоорду ишке ашырууда өнөктөш болгон Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарына жана К.Маткеримов, Курманжан датка, Абу Али Ибн Сина атындагы орто мектептерине да уюмдун “Ыраазычылык каты”. Ал эми долбоордун алкагында ӨЖТлар арасында сынак да жарыяланган. Ошол сынактын бардык талаптарына жооп берген бир катар ӨЖТларга да “Күбөлүктөр” тапшырылды. Атап айтканда, “Эң үлгүлүү ӨЖТ делип, “Ак ниет” тобу аныкталды. “Тынчтык, ынтымак, достукту жана биримдикти бекемдөөдө натыйжалуу иш алып баргандыгы үчүн “Ырыскы” ӨЖТсы мыкты деп табылды. “Ишкерлик багытында иш жүргүзгөн “Эң мыкты ӨЖТ” делип, “Тазагүл” тобу аталды. Ошондой эле долбоордун алкагында кызыктар тараптар менен ийгиликтүү өнөктөштүккө жетишкендиги үчүн “Эң мыкты ӨЖТ” деген наамды ”Татына” Өз жардам тобу алды.
Бактыкан Ажымаматова, “Эрайым” пресс