1416.12.2016    15:17

2016-жылдын 15-декабрында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан Германия өлкөсүнүн “Дүйнөгө нан” уюмунун колдоосунда “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын чыңдоо” долбоорунун алкагында “Өз Жардам тобу - тынчтыктын жана өнүгүүнүн көпүрөсү” форумунунун уландысы катары Ош облусундагы активисттердин катышуусунда 3 жылдык ишмердүүлүктү жыйынтыктоочу тегерек стол болуп өттү.

Ошондой эле бул иш чарага КРнын Өкмөтүнүн алдындагы жергиликтүү өз алжынча башкаруу жана этностор аралык мамилеелри боюнча мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу району боюнча өкүлү Даанакан Бекташева, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мектеп директорлору да катышышты. Аны “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин төрайымы Рахила Жусупова ачты. Андан соң долбоордун кызматкерлери жана ийрим жетекчилери өздөрү жасаган иш аракеттер боюнча маалымат беришти.

Мында негизинен “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тартып келген “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштгүндө элдердин достугун жана ынтымагын чындоо” долбоору боюнча иштеп жаткан чоңдордун жана балдардын Өз жардам топторунун жасап жаткан иштери алкоого алардык болуп жаткандыгын белгилешти. Анткени, айыл тургундарынын активдүүлүгү өсүп, демилгелүү жумуштарды аткарып жатышат. Ортолукка каражат жыйнашып, анын негизинде муктаждыктарын канааттандыруу менен кичи бизнести баштагандар дагы чыгып жатат. Ал эми мектептерде иштеп жаткан ийримдер окуучулар үчүн чоң пайдасын тийгизүүдө. Балдар мурда бош убактыларын кандай өткөрүүнү билбей жүрүшсө, эми каалаган ийримине катышып, бири компьютер үйрөнсө, дагы бири комузда кол ойнотуп, күү чертип калышты. Дагы бири кол өнөрчүлүктүн сырын үйрөнүп жатат. Англис тили менен орус тилин үйрөнүүгө шык койгон окуучулар да көп. Бийлегенди жакшы көргөн окуучу да долбоорго катышып, өз максатына жетүүдө. Ошол эле мезгилде БӨЖТ мүчөлөрү ар кандай маданий массалык иштерди да жүргүзүп, оюн-зоок кечелерин өткөрүшүүдө. Психологдордун жардамы менен тартынчаак балдар өз оюн ачык айтууга, жөндөмүн, талантын сыртка чыгарууга мүмкүнчүлүк алып жатышат.

Тегерек столдун катышуучулары бул долбоордун мындан ары улантылышын бир ооздон белгилешти. Себеби, айыл жергесинде, айрыкча ар улуттун өкүлдөрү жашаган аймактарда достукту, ынтымакты жана биримдикти чыңдоого олуттуу таасир берип жаткандыгын айтып өтүштү.

1

2

4

6

7

8

9

11

12

10

Бактыкан Ажымаматова, Эрайым Пресс.