Форум Жалал-Абадда ишин улантты
17.12.2016 11:30
2016-жылдын 16-декабрында Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюму колдоого алган “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын чыңдоо”долбоорунун алкагында түзүлгөн Өз жардам топторунун “Өз жардам тобу - тынчтыктын жана өнүгүүнүн көпүрөсү” аталышындагы форуму Жалал-Абад жергесинде өз ишин улантты.
Ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин Базар-Коргон району боюнча өкүлү Эмил Досов, “Эрайым” АКБнын өкүлдөрү, долбоордун алкаганды иштеп жаткан ӨЖТ мүчөлөрү катышышты. “Форумдун максаты жергиликтүү деңгээлде элдердин тынчтыгын, ынтымагын, достугун, биримдигин чыңдоо жана жарандардын көйгөйлөрүн чечүү максатында ӨЖТ күчүн бириктирүү” -деди, ”Эрайым”АКБсынын төрайымы Рахила Жусупова форумдагы куттуктоо сөзүндө. Ошол эле мезгилде Өз жардам тобунун таржымалына токтолуу менен мындай топ аркылуу өз жашоосун оңдоп жаткан, өнүгүү жолуна түшкөн өлкөлөр тууралуу да айтып өттү. Жалал-Абад облусу боюнча долбоорго тартылган аймактардагы ӨЖТлар арасында айырмаланып, жигердүу иштеп жаткан топтордун эмгегин баалоо максатында атайын номинациялар белгиленген. Анын негизинде Базар-Коргон районундагы Акман айыл аймагына караштуу Жараке айылында түзүлгөн “Жакшылык” ӨЖТсы “Ишкердик багытында иш жүргүзгөн эң мыкты ӨЖТ” деп табылган. Ал эми Жалал-Абад шаарындагы Ч.Айтматов атындагы аймактык башкаруусунда иш алып барган “Айымзат” ӨЖТсы “Долбоордун алкагында кызыкдар тараптар менен ийгиликтүү өнөктөштүккө жетишкендиги үчүн эң мыкты ӨЖТ” деп аталды. Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон айылындагы “Периште” Өз жардам тобу “Тынчтык, ынтымак, достукту жана биримдикти бекемедөөдө натыйжалуу иш алып баргандыгы үчүн эң мыкты ӨЖТ” деген номинацияга ээ болду. Ушул эле айылдагы “Насаатчы” ӨЖТсы “ӨЖТ тастыктамасына ылайык эң үлгүлүү топ” аталды. Алардын бардыгына Күбөлүк тапшырылды. Ал эми долбоорду ишке ашырууда өнөктөш катары жардам көрсөткөндүктөрү үчүн Базар-Коргон районундагы “Акман” жана Базар-Коргон айыл аймактарына, Токтогул атындагы орто мектебине, Бөкөнбаев атындагы жатак мектебине, Тешебай Ысак уулу атындагы №35-орто мектебине жана Жалал-Абад шаарындагы Алым Усман атындагы №7-орто мектебине “Эрайым” АКБсынын “Ыраазычылык каты” тапшырылды.
Андан кийин форумдун катышуучулары төрт тайпага бөлүнүшүп иштешти. Мында негизинен Өз жардам тобу аркылуу жер-жерлерде кандай иштер аткарылды, эмнеге жетишишти, өз жашоолоруна ӨЖТнын тийгизген таасири тууралуу реалдуу мисалдар аркылуу баяндап беришти.
Бактыкан Ажымаматова