Эне мектеби кичинекейлерге кам көрөт
17.02.2017 16:52
Кыргызстанда мектеп жашына чейинки балдарды камкордукка алуу жагынан кыйла өксүктөр бар. Союз мезгилиндеги балдар бакчалары дээрлик менчиктештирилип, талкаланып, кучагына жүздөн, төрт жүз, беш жүз баланы камтыган мындай жайлар бир эле адамдын колуна өтүп кеткендиги жашыруун эмес. Бирок, кайрадан мамлекетке алынып, мурдагыдан да жакшы абалга келтирилип, заман талабына жараша жасалгаланып, иштеп жаткандары да бар.
Негизи статистикалык маалыматтарга таянсак кичинекейлердин отуз төрт пайызы гана балдар бакчасына барышат. Андай жагдайды эске алган айрым капчыгы калың жарандарыбыз, ишкерлерибиз, ошол эле мезгилде бейөкмөт уюмдары менчик, мезгилдик бакчаларды ачып жатышат. Ал эми акыркы мезгилде эне мектеби деген жайлар пайда боло баштады. Анда эң алдын ата-энеси Россия, Казакстан жана башка мамлекеттерде мигрант катары иштеп жаткан, ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, дыйканчылык фермердик чарбасы бар үй-бүлөнүн балдары кабыл алынат. “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан мындай мектептерди кеңейтүү жагы ишке ашып жатат. Бул багытта Жалал-Абад дубанынын Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон жана Акман айыл аймактарында, Жалал-Абад шаарына караштуу Ч.Айтматов атындагы жергиликтүү аймактык башкарууда 20 эне мектеби” ачылган. Анын бешөө бюджетке киргизилип, анда 508 бала тарбияланып жатат. Ал эми калган он беши мезгилдик, тактап айтканда, жазгы талаа иштери башталганда жана жай мезгилинде, ошол эле учурда түшүм жыйналып жаткан мезгилде дыйкан-фермерлердин балдары кароого алынат. Аларга билим берилет, тамак- аш менен камсыз болушат. Айтор, бул жайга баласын берген ата-эне кыжаалат болбой, жумушун жасай берет. Азыр алардын саны 180 ке жетти. Базар-Коргон районунда түзүлгөн эне мектептеринде 92 адам иштейт. Ош дубанынын Кара-Суу районуна караштуу Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында 16 эне мектеби уюшулду. Эне мектептердеги балдардын саны 600. 16 эне мектепте 60 адам иштейт. Эне мектептери ачылуу менен бирге бир жагынан балдар камкордукка алынса, экинчи жагынан жумушсуз адамдарга жумуш орундары ачылды.
- “Эне мектебин” ачуу оңойго турган жок. Анткени ар бир айылды кыдырып, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүбүздө, биздин айткандарыбызга, жасап жаткан ишибизге кайдыгер карагандар болду. Ишенбегендер чыкты. “Балдарды чогултуп алып, бир эки ойнотуп, анан кайра үйгө жибересиңер да, кой, андан көрө үйдө эле, көз алдыбызда жүргөнү оң” дешти. “Жок, балдарыңарга кадимкидей сабак өтүлөт, тамак ичишет үч маал, тамга таанышат, башкалар менен мамиле түзгөндү үйрөнүшөт, негизи мектепке даяр болушат. Балдар бакчаларына барган баланын денгээлине жеткиребиз” деп, аларды ынандырып, баланы бирден чогулткан күндөрүбүз болду. Азыр мына, ата-энелер түшүнүп, тескерисинче, “менин баламды кабыл алгылачы, ушул да бирдемени үйрөнүп алсын”-дегендер чыгып жатат. -дейт, аталган уюмдун Жалал-Абад дубаны боюнча тирекчиси Кишимжан Боронбаева.
Улантылган долбоордун алкагында эне мектептери боюнча тажрыйбалуу адис, Бишкек шаарындагы № 186-бала бакчадагы эне мектептери боюнча ресурстук борбордун жетекчиси Майгулакова Диля 4-5-февралда Жалал-Абад дубанындагы Базар-Коргон районундагы Жоомарт Бөкөнбаев жатак гимназия мектебинин имаратында, ал эми Ош дубанынын Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагына караштуу Падаван айылындагы № 16-Абу Али Ибин-Сино орто мектебинде 6-7-февралда иштеп жаткан эне мектептеринин жетекчилерине “Эне мектеп жетекчилерине нормативдүү укуктук мыйзамдар жана керектүү иш-кагаздары” деген темада көнүгүм өттү. Бул көнүгүм өз ичине “КРнын билим берүү саясаты. Билим берүүнү 2020-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясы ( 2012-ж)”, “Билим берүү жөнүндө” КРнын мыйзамы (2003-ж)”, “Мектепке чейики билим берүү жана баланы кароо. 2012-ж. (Мамлекеттик билим берүү стандарты)”, “Балдар укугунун Конвенциясы”,” КРнын ”Балдар жөнүндө Кодекси”, “Камкордук кенеш мыйзамы. 2014-ж”, “Эне мектебинин жобосу”, “Мамлекеттик жана жаңы түрдөгү мектеп жашына чейинки билим берүү уюмдарда (МЧББУ) тарбиялоодо, окутууда жана балдарды калыптандырууда жетекчилердин жана педагогдордун компетентүүлүгүн калыптандыруу”, “Мамлекеттик жана муниципалдык МЧББУда мектепке чейинки билим берүүдө базистик компонент”, “Эне мектебинин программасы”, “Эне мектебинин негизги иш кагаздары”, “Эне мектептеринин иш планын түзүү”, “Педагогикалык жарайанды пландоо” сыяктуу темаларды камтыйт. Бул көнүгүм эне мектептеринин жетекчилеринин ӨЖТнун мүчөлөрү тарабынан жана өз дараметтерине таянып уюштурган эне мектептерин туура иштетип кетишине курал болорууна ишенебиз.
- Баланын мектеп жашына чейинки курагы жарык дүйнөгө келген күндөн, жети жашка толуп, мектеп босогосун аттаган учуру эсептелет. Союз мезгилинде алты айдан баштап бала мамлекеттин камкордугунда болор эле. Тескерисинче балдар бакчасына барбаган бала жок болчу. Алыскы айылдарга чейин мындай жайлар туруктуу иштеп тургандыгын билебиз. Азыр андай болбой калды. Ошол себептүү Кыргыз республикасынын Билим берүү министрлиги “Наристе” программасын ишке ашырып жатат. Анда мектеп жашына чейинки бала сөзсүз түрдө ар тараптуу камкордукка алынуусу керектиги белгиленген. Бизде балдар бакчалары жетишсиздигинен, менчик жайлар, ошол эле мезгилде сырткы демөөрчүлөрдүн колдоосунда ушундай “Эне мектептери” ачылып жатат. Бул жагынан “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси жакшы иштерди жасоодо. Өлкө боюнча анын санын беш жүзгө жеткирүү жагы каралууда. Жалал-Абадда азыр жыйырма болсо, келерки жылда эки эсеге көбөйүшү мүмкүн. Себеби, ата-энелер да түшүнүп, мамлекет да колдоого алып жатат”-дейт, Д.Майгулакова.
Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу