roundtable210.03.2017  09:50

“2017 - ыйман, адеп жана маданият жылына” карата Ош шаардык жана Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмдөрү балдарды ыймандуулукка, адептүүлүккө жана маданиятуулукка тарбиялоо жана балдар арасындагы ар кандай кылмыштуулуктун алдын алуу, зордук-зомбулук, мектеп рекетчилиги, суицидге каршы күрөшүү багытында атайын иш-чара бекиткен.

Бул иш-чарага карата Кара-Суу районундагы №16 -Абу Али Ибн Сино атындагы орто мектебинде мектеп окуучуларынын арасында ар кандай кылмыштуулуктун алдын алуу, суицидге жол бербөө, зордук-зомбулукка каршы күрөшүү багытында тегерек стол болуп өттү. Ага райондук билим берүү бөлүмүнөн, ата-энелер, райондук ички иштер бөлүмүнүн балдар менен иш алып баруу инспекциясынын өкүлдөрү, дин адамдары, айылдагы активист жарандар, коомдук уюмдар жана мектептин мугалимдери, жогорку класстын окуучулары катышышты. Анын жүрүшүнө “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин областтагы активисттери да күбө болушту.Мектеп окуучулардын жүрүм-турумдары, билим алуусу, Интернет булактарындагы “Көк кит”, “Космостон салам” сыяктуу азгырык оюндардан алыс болуу, мектеп рекетчилигин жоюу багытында кызуу талкуу жүрдү. Мектеп менен ата-энелердин ортосундагы байланышты чыңдоо, балдарга биргеликте тарбия берүү жагдайында да сөз болду.

roundtable1

roundtable3

roundtable4

Эрлан Давлатов, Ош облусу