“Эне тил” күнү белгиленди
13.03.2017 18:30
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарындагы №16- Абу Али Ибн Сина, №86-Курманжан-Датка, № 117-К.Маткеримов атындагы орто мектептептеринде “Эне тил” майрамы өткөрүлүп, ага аталган мектептердин окуучулары, ошондой эле БӨЖТ мүчөлөрү «Ынтымак», «Радуга», «Достук 1», «Навбахор», «Ак-Ниет 1», «Ак-Ниет 2», «Ыйман нуру 1», «Ыйман нуру 2», «Ширин», «Келечек», «Кыргызстан», «Достук 2» жана өз жардам топтору, «Эрайым» АКБсынын Ош облусундагы кызматкерлери катышты.
Бул иш-чарада «Улут болсом, тилим менен улутмун» деген ураандын алдында өтүп, ар бир элдин өзүнүн улуттук каада-салты, үрп-адаты жана улуттук тамак аштары, кылымдар бою келе жаткан санжырасы, эң негизгиси, ар бир улуттун эне тили даңазаланды. Эл аралык денгээлдеги “Эне тил” майрамын элеттиктер да колдоого алгандыгы жана ар бир улутун өзүнүн эне сүтү менен кошо жаралган эне тили улуу жана ыйык экендиги айтылды. Ошол эле учурда ынтымак, биримдик жана достук тууралуу ырлар окулуп, жергебиздеги тынчтык, мамлекеттин бакубаттуулугу тууралуу да айтылды.
Эрлан ДАВЛАТОВ, Ош облусу