“Дүйнөгө нан” уюмунун өкүлдөрү “Эрайымда”
15.03.2017 13:04
2017-жылдын 9-марттында Германиялык “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун өкүлдөрү Жакынкы Чыгыш, Кавказ жана Борбордук Азия бөлүмүнүн жетекчиси Илонка Болтз жана Түштук Кавказ жана Борбордук Азия боюнча программа жетекчиси Аникка Беккер менен “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесине иш-сапар менен келишти.
Алардын максаты улантылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалышытырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун иш-аракеттери менен таанышуу болду. Демөөрчүлөр менен жолугушууда “Эрайымдын” долбоор кызматкерлери долбоордун жүрүшү тууралуу толук маалымат беришти. Долбоордун ишинин башталышына алар өздөрүнүн “жакшы” деген бааларын беришти.
Эрайым-Пресс