AnnikaBeckers visit120.03.2017   16:51

Германия өлкөсүнүн “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун Борбордук Азия жана Кавказ боюнча программалык координатору Анника Беккер айым “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин жамааты менен жолугушту. Аталган бирикме тарабынан бул уюмдун каржылоосунда ишке ашырып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоору кандайча ишке ашырылып жаткандыгы менен таанышты.

Долбоордун Ош жана Жалал-Абад дубандарындагы активисттери менен Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл аймагындагы Абу Али ибн Сина атындагы № 16-орто мектептин залында бетме-бет олтуруп, баарлашуу жүрдү. Мында Анника айым долбоордун ар бир мүчөсүнүн жасап жаткан ишине кызыкты. Белгилей кетүүчү жагдай бул долбоор 2014-жылы үч жыл мөөнөт менен тартылып келген эле. 2016-жылы аяктаганы менен демөөрчүлөрдүн жактыруусу жана колдоосу менен кайрадан дагы эки жарым жылдык убакытка айрым өзгөртүүлөр менен узартылып олтурат. Мында мурда сегиз ийрим иштеп келсе, азыр беш ийрим, атап айтканда, англис тили, орус тили, этноансамбль, лидерлик, бий, математика ийримдери иштей турган болду. Долбоор боюнча жазылган ментальдык арифметиканын төлөмү кымбат болгондуктан балдар өз жардам топторунун өтүнүчү менен Кара-Сууда бий, Базар-Коргондо математика ийримдерин ачканга “Дүйнөгө нандын” өкүлү Анника Беккер макулдугун берди. Ал “ Бул силердин эркиңер. Жоопчот жазууда гана бий, матемитка ийрими боюнча эскертип коюуңуздар” деген ойун билдирди. Мурда иштеп келген эки дубандагы чоңдордун өз жардам топтору, балдардын да өз жардам топтору жана эне мектеби, психологиялык жардам компоненттер өз ишин улантмак болду. Ошондой эле коомчулук менен байланышуу жана долбоордун иш аракетин массалык маалымат каражаттарында жайылтуу кызматы да жумушун улантып жатат. Ар бир адис өзүнүн иши, алдыда турган программалары боюнча маалымат беришти.

Баарлашуу ачык-айрым, пикир алышуу маанайында жүрдү. Адегенде Жалал-Абад дубанындагы кызматкерлердин маалыматы угулду. Долбоордун аталган облус боюнча тирекчиси Абдулазиз Орозалиев жалпы иш жагдай тууралуу кеңири айтып, жолугушууга келгендер менен тааныштырып чыкты. Андан киийн ар бир адис өз иш пландарын, бул кезге чейин аткарган жумуштарынан кеп салды. Чоңдордун өз жардам топтору боюнча тирекчи Кишимжан Боронбаева иштеп жаткан отуз ӨЖТнын базасында үч “Биримдик” уюмун түзүү жагы каралып жаткандыгын айтты. Ал эми БӨЖТ тирекчиси Максат Пирматов долбоорго кирген үч аймактагы мектептерде түзүлгөн отуз өз жардам тобуна окуу көнүгүмдөр тынбай жүрүп, балдардын активдүүлүгүн көтөрүү, алардын достугун чыңдоо, ынтымагын бекемдөө жагдайында маданий массалык иш чаралар өтүп жаткандыгын билдирди. Долбоордун психологу Жылдыз Калдарбекованын айтымында азыр бардык адамдар психологиялык жардамга муктаж. Андыктан долбоорго кирген аймактарда көчмө клиникалык ыкма менен иш алып барууда. Мындайча айтканда ар бир айылга төрт айлык мөөнөт менен айыл аймактардагы соцадис жана мектептердеги соцмугалимдер менен биргеликте иш жүргүзүп жаткандыгын кошумчалады. Ал эми эне мектеби боюнча жооптуу Дилфуза айымдын билдирүүсүндө долбоорго кирген аймактарда жыйырма эне мектеби уюшулса, анын алтоо бюджетке өткөрүлгөн. Калган он алтысы сезон ичинде иштейт. Мындагы негизги максат бала бакчага барбаган, мигранттардын жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына билим, тарбия берүү, мектепке даярдоо. Мындан сырткары этноансамбль ийриминин жетекчиси Бурул Стамкулова ар улуттун балдарынын башын кошкон бул ийримде улуттук музыкалык аспаптарды үйрпөтүү түйшүгүн белгилеп, мында ата-энелер менен тыгыз иш алып баруу керектигин айтты. Анткени ийримге катышкан ар бир балага керектүү музыкалык аспап сатып берүү зарылчылыгы бар. Антпесе бала сабак учурунда үйрөнгөнүн унутуп калбашы үчүн, үйдө да кайталап туруу зарылдыгы бар. Долбоордун юристи Гүлнара Ташиева долбоорго кирген аймактардын тургундарына юридикалык жардам берүүнү баштагандыгын, мында ӨЖТ мүчөлөрүнө басым жасаларын белгиледи. Паспорт, жөлөк пул алуу, алимент өндүрүү көйгөйлөрү багытында кеңештер берилип жаткандыгын кошумчалады. Лидерлик ийриминин жетекчиси Жанара айым өзүнүн иш максаттары тууралуу айтып өттү.

Ушундай эле багытта долбоор боюнча иш алып барып жаткан Ош дубанынын адистери да өз иштери тууралуу маалымат берип жатышты. Негизинен эки дубанда иштеп жаткан долбоордун багыты жана максаты бирдей болгондуктан, адистер да бири-бири менен байлынышып, кеңешип, тажрыйба алмашуу ыкмасында иштеп жатышкандыгын белгилешти. Долбоордун жергиликтүү тирекчиси Икрам Исраилов жалпы иш аракеттер боюнча айтса, өз жардам тобунун тирекчиси Нарынкүл Дюшеналиева ишти негизги беш багытта алып барып жатышканын, тактап айтканда, экологиялык, экономикалык, социалдык жана маданий, шыкактоо жана талам талашуу багытында иш мерчемдерин түзүп, анын негизинде жергиликтүү тургундардын активдүүлүгүн көтөрүү аракеттери болуп жаткандыгын билдирди. БӨЖТ менен иш алып барган Кыял Мамажанова мектеп окуучуларынын активдүулүгүн көтөрүү жагдайындагы саамалыктар жөнүндө айтты. Эне мектептерин уюштуруп жана алар менен иш алып барган Гүлкайыр Жолдубаеванын маалыматы да кызыктуу болду. Ал Бишкек шаарына барып, ал жактагы эне мектептерин көрүп, атайын окуу-көнүгүмүнөн өтүп, анын негизинде эне мектептерин уюштуруп, иш алып барып жатышканын билдирди. Алардын маалыматтары да Аникка айымды ыраазы кылды. Ал эми жаңы уюшулуп жаткан этноансамбль ийриминин жетекчиси Гүласал Алиева өз иши тууралуу айтып келип, жолугушуунун катышуучуларына ооз комузда “Тагылдыр тоо” күүсүн аткарып, жалпынын жарпын жазды. Ал эми ийримге аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды кабыл алууга басым жасап жаткандыгын кошумчалап кетти. Долбоордун дубандагы психологу Дилфуза Анарбаеванын тургундар үчүн түзгөн картотекасы менен анкетасы Аникка айымдын көңүлүн бурду. Аникка айым аларды өз ишинде колдонууга кызыкдар экендигин билдирди. Жолугушуунун соңунда атайы алыстан келген сыйлуу мейман, ошондой эле бул долбоорду ишке ашыруудагы башкы көзөмөл кылуучу Анника айым мындай жолугушууну күтпөгөндүгүн, анткени, ал жолугушууга аз гана адам келет деген ойдо болгондугун, дээрлик долбоорго тартылган бардык кызматкерлердин келип, өздөрүнүн иши тууралуу кеңири маалымат берип жаткандыгы аны кубандыргандыгын ачык айтты. Долбоордун ийгиликтүү ишке ашуусуна жана андан ары өнүктүрүүгө өз көмөгүн көрсөтө тургандыгын билдирди. Ошондой эле мындай иштиктүү сапарлар алдыда дагы көп ирет боло тургандыгын айтты.

Андан кийин долбоордун Ош дубанындагы активисттеринин иши менен таанышып, алардын кеңсесиндеги жасалгаларды көрдү. Мектептеги Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги (ГАМСУМО) тарабынан колдоого алынган “Эрайым” АКБсы тарабынан ишке ашырылган дагы бир долбоор “Мектеп радиосунун” ишин көрдү. БӨЖТ мүчөлөрү менен жолугушуп, аларды да кызыктуу маектешүүгө тартты. Андан киийн бюджетке өткөрүлгөн эне мектебин көрүп, Мады айыл аймагындагы ӨЖТнун ишин көрдү. Андагы активдүү кыз-келиндер ачкан жана азыркы кезде ийгиликтүү иштеп, айылдыктар үчүн жакшы кызмат кылып жаткан “Макста” ӨЖТ тарабынан уюшулган тигүү цехинин иши менен таанышты. Ошентип Аникка Беккер айым бир күндүк иш сапарында долбоор боюнча көп жакшы саамалыктар болуп жаткандыгын өз көзү менен көрүп кайтты. Аны менен бирге “Эрайым” АКБнин жетекчиси Рахила Жусупова жана башка кызматкерлер болушту.

AnnikaBeckers visit2

AnnikaBeckers visit3ъAnnikaBeckers visit4

AnnikaBeckers visit5

AnnikaBeckers visit6

AnnikaBeckers visit9

AnnikaBeckers visit10

AnnikaBeckers visit15

AnnikaBeckers visit16

AnnikaBeckers visit18

AnnikaBeckers visit19 1

AnnikaBeckers visit22

AnnikaBeckers visit20

AnnikaBeckers visit25

AnnikaBeckers visit23 1

AnnikaBeckers visit26

Бактыкан АЖЫМАМАТОВА