wise mil211.04.2017    15:41

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында уюшулган өз жардам топторунун ортосунда “Акылман кайнене” жана “Үлгүлүү келин” кароо сынагы уюштурулду.

Анын максаты: - аялдардын коомдогу ордун, ошондой эле өз жардам топтордун арасында жана айылдагы кыз- келиндердин арасында жигердүүлүктү күчөтүү, аялдардын ынтымак менен биримдикти орнотууда орду жогору экендигин тастыктоо. Алардын лидерлик даражага көтөрүлүүсү үчүн эмнелерди жасоо кериктигин маалымдоо. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка, ала качууга каршы биргеликете күрөш жүргүзүү, жашы жетпеген кыздардын эрте эне болуудагы алып келген зыяндарды түшүндүрүү. Кайнене менен келиндин ортосундагы түшүнүүчүлүк, бири-бирин сыйлоо каада-салттарын жайылтуу.

- Аталган иш-чараны уюштуруу менен элибизде сакталып келген үрп-адаттардын жакшы жактарын даңазалап,эскилерин,коомго терс таасирин тийгизип жаткан көрүнүштөрдөн арылуу, илгертен келе жаткан кайнене менен келиндин арасындагы ажырымды бириктирүү жагы эске алынды. Заманга жараша келиндердин да билим алуусу, коомго аралашып,кесиби боюнча иштөөсүнө шарт жаратуу мисалдары айтылды - дейт, ӨЖТ мүчөсү Азада Апишева. Кароо-сынактын катышуучулары ар бир коюлган тапшырмаларды аткарышып, өз өнөрлөрүн, таланттарын тартуулашты. Сый дасторкон жайылып,концерттик программалар менен коштолуп турду.

wise mil

wise mil3

wise mil4

wise mil5

Эрлан Давлатов, Ош облусу