songfest11.04.2017   16:00

Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак, Шарк, Мады айыл аймагынын жашоочуларынын арасында “Ыр кесе” уюштурулду. Анын демилгечилери аталган айыл аймактарда иштеп жаткан өз жардам топторунун өкүлдөрү. Анда айыл жашоочулары улуттук кийимдерин кийишип, тамак-аштарын дасторконго жайнатышты.

Ар бир улуттун өкүлдөрү өз каада-салттарын даңазалап, ыр-бийлерин тартуулашты. Алгач даярдалган сүмөлөк ачылып, мында келгендерге таркатылды. Ал эми улуулар иш-чараны уюштуруп жаткандарга ак баталарын беришти. Белгилей кетели сүмөлөк мурунку күнү кайнатылган болуучу,ошондуктан казандын капкагы ачылганда, сүмөлөктүн бетине түшкөн сүрөттү чечмелеп, жакшылыкка жоорушту. Андан киийн ырлар ырдалып, бийлешип, ар улуттун музыкалары жаңырды. Бул күнкү майрам шаңы жаздын келишине, жаңы күндүн-Нооруз майрамынын урматына арналды. Ошондой эле достук, ынтымак, мекен темасындагы ырлар жаңырды.

songfest2

songfest3

songfest4

songfest5

songfest6

Эрлан Давлатов, Ош облусу