CSHGactivity

11.04.2017   16:38

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл аймагынын Падаван айылындагы балдар өз жардам топторунун мүчөлөрү аталган аймактын 6-чакырылышындагы айылдык кеңештин төрагасы Абдусалом Юсуповго кайрылуу кат жолдошту.

Катта балдар күн сайын мектепке келип кетүүчү Аношина көчөсүндөгү жолдун эки четинде жайгашкан ишканалардын бетондон тургузулган дубалдарынын кооптуу абалы, бир аз эле жер силкинсе,же катуу жамгыр жааса ал дубалдар көчүп кетсе мектептен кетип жаткан же мектепке бара жаткан балдарды басып калуу коркунучу бар экендиги чагылдырылган. Каттан сырткары бул маселенин кооптуулугун БӨЖТ мүчөлөрү сүрөткө жана видеокамерага тартышып, аны слайд шоу аркылуу депутаттарга көрсөтүштү. Депутаттар балдардын койгон талаптарын туура кабыл алышып, тиешелүү ишканаларга кайрылып, бул маселени чече тургандыктарын билдиришти.

CSHGactivity2

CSHGactivity4

Эрлан Давлатов, Ош облусу