“Таза айыл, таза коом” акциясы
18.04.2017 14:50
Кара-Суу районундагы Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан түзүлгөн 30 балдар өз жардам топторунун 45 мүчөсү катышкан “Таза айыл,таза коом” акциясы уюштурулду.
Андагы негизги максат айылдын көчөлөрүн таштандылардан тазалоо жана аталган айыл аймактарындагы мазарларды иретке келтирүү. Мында тарыхый инсан, кыргыз кыздарынан чыккан биринчи Датка айым Курманжан энебиздин күмбөзүн да тазалашып, арбагына куран түшүрүштү. Ошол эле мезгилде Курманжан датка энебиздин тарыхтагы орду, анын жасаган мээнеттери, улуттар аралык достукту чыңдоо, элдин биримдиги менен ынтымагын көтөрүү багытындагы эмгегинен сөз кылышты.
- Жаз келип, айлана чөйрөнү тазалоо ар бирибиздин милдетибиз деп эсептеймин, анан дагы бул иш чара жаш өспүрүмдөрдү тазалык менен биргеликте адамдарды сыйлоо жана эмгекке, туулуп өскөн жерин сүйүүгө үйрөтөт. Ошондой эле жалпы тарыхый жайларга, тарыхта изи калган инсандарга таазим кылууга тарбиялоо менен алардын мекенчил сезимин ойготот - дейт, “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун Ош облусу боюнча тирекчиси Икрам Исраилов.
Эрлан Давлатов, Ош облусу