217.05.2017    14:00

Ош облусунун Кара-суу районундагы Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан уюшулган ӨЖТ мүчөлөрдүн демилгеси менен “Таза суу өмүр булагы” аттуу иш-чара уюштурулду.

Андагы негизги максат айыл элине иче турган таза суунун келишин камсыз кылуу. Атап айтканда, Мады айыл аймагындагы “Машраб сайдын” үч чакырым аралыгын жана беш суу түтүгүнүн айлана- тегерегин тазалашты. Бул иш-чарага он жети ӨЖТ тобунун мүчөлөрү катышышты. Ал эми алардын демилгесин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да колдошуп, таштандыларды топтоп салуу үчүн 6700 сомдук каптарды алып берди. Топтолгон таштандыларды демилгечилер өздөрү акысыз тиешелүү жерлерге алып барып төгүштү.

Шарк айыл аймагында болсо бардык ӨЖТ мүчөлөрү активдүү катышуу менен Увам суусунун бир жарым чакырым аралыктагы жерин тазалап чыгышып, 60.000 сомдук бетондолгон тосмолор сай жээгин бузуп кетүү, айыл ичин суу каптоо коркунучун алдын-алуу максатында төшөлдү. Ал жумушту айыл активистери, башка коомдук уюмдар биргеликте жасашты. Белгилей кетүүчү жагдай тазалык акциясында айылдын көчөлөрү да таштандыдан арылды. Уюштуруучулар мындай иш чараларды дагы да уланта беришээрин белгилешти.

1

4

3

6

8

Эрлан Давлатов, Ош облусу