324.05.2017    14:30

Германиянын "Дүйнөгө нан" (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, биримдигин жана ынтымагын чыңдоо” долбоорунун алкагында Ош областынын Кара-Суу районундагы Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак айыл аймактарындагы №16-Абу Али ибн Сина, №117-К.Маткеримов, №86- Курманжан-Датка орто мектептеринде форум-театр ийрими уюштурулду.

Форум-театрга катышкан мүчөлөрдүн кызыгуулары жакшы экендигин жана бул аркылуу окуучулар коомдогу ар кандай көйгөйлөрдү сахналаштырып көрсөтөт ошону менен бирге жаңы өсүп келе жаткан өспүрүм балдарды жакшы жакка үндөйт. Театр аркылуу коомдо өзүн тыкан алып жүргөнгө, ойлогон оюн коомго так жеткире билгенге үйрөтүү менен алардын психологиясына зор таасирин тийгизет” - деп билдирди форум-театр ийриминин жетекчиси Сталбек Маматкулов.

- Биз Ишкаван айылындагы №117-К.Маткеримов, №86- Курманжан-Датка, №16-Абу Али ибн Сина атындагы орто мектептерине театр-форум боюнча түшүнүк берип, чагылдырып келдик. Максаты – караңгылыкта жашаган адамдарды жарыкка үндөө жана үйдөгү зордук-зомбулукту алдын алып, баланын жакшы нерселерге кызыгуусун арттыруу. Ушул максатта мектептерде форум театр ийрими уюштурулуп жатат дейт машыктыруучу.

2

1

4

5

6

Эрлан Давлатов, Ош облусу