Жумгал районунун мугалимдери үчүн 2017-жылкы жайкы англис тил курстары
24.05.2017 15:35
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин Улуу Британиянын Charities Aid Foundation (CAF) кайрымдуулук фонду тарабынан колдоого алынган “Мугалимдер үчүн жайкы англис тил курстары” долбоору өз ишин улантат.
Мугалимдердин англис тилин өтүү деңгээлин көтөрүү жана сабак өтүү усулдарын жакшыртуу боюнча кезектеги жайкы курстар ушул жылдын 29-майынан тартып 9-июнуна чейин өткөрүлөт. Курстар Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Т. Турсунбаева атындагы мектебинде уюштурулат.
10 күндүк курска Жумгал районун 24 мектебинен келген мугалимдер катышышат. Курстарды Улуу Британиядан келген тажрыйбалуу окутуучулар Доктор Анна Виктория Дейвис (Dr. Anne Victoria Davis), Королина Муур (Caroline Moor) жана Клэр Ривстер (Claire Reeves) өткөрүшөт.
Курстардын аягында катышуучулар өздөрүнүн келечек ишмердүүлүгүндө колдонуучу атайын окуу куралдарын (китептер, сөздүктөр, таркатма материалдар) алышат.
Окутуучулар жөнүндө кыскача маалымат:
Доктор Анна Виктория Дейвис - Dr. ANNE VICTORIA DAVIS Англиянын эки эл аралык мектебинде мүдүр болуп иштеген, учурда билим берүү тармагында кеңешчи болуп иштейт, көбүнчө Россияда. Россияда Доктор Дейвис мектеп жана жогорку окуу жайларынын мугалимдери жана студенттери менен иштейт, англис тилинен сабак берет. “Тилди үйрөнүүдө эң негизгиси – окушту жана жазышты гана билүү эмес, тартынбастан ал тилде сүйлөө” - деп санайт ал. Учурунда ал билим берүү тармагында инспектор болуп дагы иштеген. Дагы да анын кызыккан багыты бул тарых болуп саналат. Бул багытта ал СССРдин баатыр-шаарларынын бири жөнүндө китеп жазган.
Каролина Муур - CAROLINE MOOR Чет өлкөлүктөргө англис тилин өтүү боюнча атайын билим алган. Билим берүү системасында гендердик изилдөөлөр боюнча магистр деңгээлин алган. Малайзия (1987-88-жж.) жана Венгрия (1994-96-жж.) өлкөлөрүндө иштеген. Англияда ал мигранттардын жана этникалык азчылыктардын балдарына англис тилин өтүүнүн усулдарын жергиликтүү мугалимдерге үйрөткөн. 2010-2011-жылдары бир жыл бою англис тилин Казакстандын Астана шаарында окуткан. Мындан сырткары Алматыда “British Council” программасынын алкагында Казакстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын бейпилдикти орнотуучу жоокерлерине кыска мөөнөттүү курстарды өткөргөн. Ал Италиялык жана Африкалык качкындарга дагы жардам берген.
Алтынай Сабырбекова