329.05.2017   15:32

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айыл аймагына караштуу Правда айылынын тургундары, айыл активисттери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ата-энелер катышкан чоң элдик жыйын өттү.

Ага жалпысынан үч жүздөн ашуун адам катышканын уюштуруучулар маалымдашты. Мында карала турган негизги маселе айылдагы сегиз жүзгө чукул мектеп жашына чейинки балдардын кароосуз калышы, ата-энелери жумуш издеп, каражат табуу үчүн мигрант катары сыртка чыгып кетишкен балдардын оор абалы болду. Мындай жыйынды өткөрүү демилгеси менен чыккан ата-энелердин айтымына караганда айрыкча мигранттардын балдары кароосуз калышып, алардын тарбиясына, билим алуусуна,ошону менен катар ар кыл тарбия алуусуна көңүл бөлүнбөй жатат. Көпчүлүк жаштар балдарын карыган ата-энесине таштап кетишкен. Кары адамдар баланы багуу эмес, өздөрүн араң багып жүрүшөт. Демек, алар кичинекейлерге көзөмөл жүргүзө алышпайт.Эптеп курсагын тойгузуп коюшат. Убакыт өтө берет, бала мектепке барат. Эч кандай тарбия албаган, колуна кагаз алып, жаза билбеген бала ал жерде да кыйналат. Ошол эле мезгилде кичинекей балдарын таштап, өздөрү иштейин дешсе, Бала бакча жок канчалаган келиндер бала багып, эч жакка чыга албай, иш да кыла албай жүрүшөт”- дешкен коомчулук тез арада айылга жок дегенде “Эне мектебин” ачуу зарылчылыгын белгилешти жана бул жагынан “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин жетиштүү тажрыйбасы бар экендигин белгилешти. Бул жыйынга катышып олтурушкан айыл аймактын өкүлдөрүнө “Эне мектебин” ачууга жай бөлүштүрүп берүү сунушун айтышты. Мындай учурда айылдык кеңештин депутаттары да четте карап турушпастан,жер аянтын болүп берүү мүмкүнчүлүгү бар экенин билдиришти. Айыл тургуну Санавар айым болсо өзүнүн эки кабаттуу үйүн “Эне мектебине” бере турган болду. Ошентип, бул жыйында айылдагы чоң маселе чечилип, ата-энелер балдары үчүн керектүү идиш аяктарды, оюнчуктарды өз эсептеринен алып бере турган болушту.

1

2

4

Эрлан Давлатов, Ош облусу