19.06.2017   18:32

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин достугун жана биримдигин бекемдөө” долбоору 2014-жылдан бери Ош жана Жалал-Абад облустарынын бир катар айыл аймактарында ишке ашырылып келет. Мында айыл калкынын достугун жана биримдигин чыңдоо аракеттерине айыл калкынын акивдүүлүгүн көтөрүү, алар тараптан жакшы жашоого карата умтулуу демилгелери, топ болуп иш алып баруу маселелери да башкы орунга коюлган. Бул максатта долбоорго кирген аймактарда чондордун Өз жардам топтору уюшулуп, эки облустун ар биринде отуздан ӨЖТлар иштеп жатат.

Алардын катарында Базар-Коргон районундагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепте иштеген эжекелердин тобу мындан он жыл мурда “Кесиптеш” аталышындагы Өз жардам тобун түзүшкөн. Он эки мугалим айымдын башын кошкон бул топ өздөрү иштеген мектеп үчүн гана эмес, Кайырма айылы үчүн да Акман айыл аймагынын жетекчилиги менен биргеликте социалдык маселелерди чечүү жагдайында да көп жумуштарды аткарып келе жатышат. Топтун активдүү мүчөсү Ырыс Атагелдиеванын сунушу менен алар он сотых жер аянтын алышып, ага улгайгандар үчүн санатория-профилактория курууну максат кылышты. Ал үчүн эл аралык уюмдарга долбоор жаза башташты.

- Өз жардам тобу тууралуу эл терең түшүнө албай жатышат. Биздин бир топ мүчөлөрүбүз атайын окуудан өтүп келишкен. Түпкүлүгүндө мындай топтор мамлекеттин гүлдөп өсүүсүнө чоң салым кошо турган жумуштарды аткарышат. Андыктан биз да улгайган адамдар ден-соолугун чыңдоочу жана эс алуучу жайын ачып алсак, ал жерде жаңы жумушчу оруну да пайда болот. Анын үстүнө эч бир жерде мындай жай жок. Максатыбыз ишке ашып калса, бир эле биздин айылдан же райондон эмес, облусубуздун булуң-бурчунан карылар келип, эс алып, анан ден-соолуктарын чындап кетишет. – дейт, топтун активисти Алимбү Бокуева эжеке.

Ал эми балдарга татыктуу билим берүү жаатында иштешип, анан бош убактыларын ушундай маанилүү, коомдук ишке жумшап жатышкан топ мүчөлөрү Зулайка Жолдошева, Алимбү Бокуева, Инабат Эралиева, Жамила Жусупова, Айша Сатимбаева, Жумакан Чырмашева, Жумакан Арыкбаева, Гүлжамила Нарботоева, Кишимжан Кудайбердиева, Айым Батыркулова, Айжаңыл Ибраимовалар улам жаңы демилге, жаңы ой-сунуш менен чыгышып, убактыларын текке кетирбей, ортолук фондду да улам арбытуу аракетинде экендиктерин белгилешет. Жарым миллионго чапчып калген жеке фондуларын дагы көбөйтүп, анан Биримдик түзүү, акырында банк ачуу да алардын башкы максаттарынан.

Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу