Ош жана Жалал-Абаддагы Эне мектептердин тажрыйба алмашуусу
20.06.2017 15:48
Бүгүнкү күндө Ош областынын Кара-Суу районундагы Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында көптөгөн ата-энелер жумушсуздуктун айынан сырткы миграциянын курмандыгы болууда. Анын себебинен улам алардын балдары чоң ата, чоң энелердин же алыскы туугандарынын колунда калып, бала-бакчалардын жана каражаттын жетишсиздигинен улам баштапкы билимди албай калуу көйгөйүнө дуушар болушууда.
Аталган көйгөйдү чечүү максатында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси жогоруда аталган аймактарда мектеп жашына чейинки балдар үчүн 2014-жылдан бери 20 энелер мектебин ачып, үзгүлтүксүз иштеп келүүдө. Азыркы учурда энелер мектебине келген балдардын жалпы саны 670 мектепке жашына чейинки балдарды түздү. Алардын арасынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, жалгыз бой энелердин балдарына, жашоо шарты оор болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жеңилдиктер көрсөтүлгөн, ал эми кээ бир балдар акысыз тарбияланууда. Эне мектептерди ачуу менен 4 жыл аралыгында 93 жергиликтүү жашоочу жумуш менен камсыз болду. 20 эне мектептин ичинен 3 эне мектеби айыл өкмөттөрдүн карамагына өткөрүлүп берилди. Мындай маалыматты “Эрайым” АКБнын Ош дубанындагы Эне мектептер боюнча тирекчиси Гүлкайыр Жолдубаева билдирди.
“Эрайым” уюмунун Германиянын “Дүйнөгө нан” тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, биримдигин жана ынтымагын чыңдоо” долбоорунун алкагында Кара-Суу районунун Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында түзүлүп, иштеп жаткан эне мектептердин жетекчилери Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Акман айыл аймагында ачылып иштеп жаткан “Ынтымак”, “Ак канат” энелер мектептерине тажрыйба алмашуу максатында иш сапар менен барышты. Бул тажрыйба алмашуунун алкагында жетекчилер иштеп жаткан эне мектептердин программалары, окутуу ыкмалары тууралуу маалымат алышты, эне мектептердин шарттары, кооз жасалгалары менен таанышып келишти, ошондой эле бири-бири менен ой-пикир бөлүшүп, мындан ары тыгыз кызматташууну улантууну чечишти.
- “Биздин мындай жолугушуубуз аябай кызыктуу жана пайдалуу болду. Анткени биз эне мектептердин шарты жана окуу программалары менен тааныштык, ошондой эле бири-бирибиз менен кеңири баарлаша алдык. Эми мындан ары Ош жана Жалал-Абад облустарындагы эне мектептери бири-бирибизден тажрыйба алуу менен иштешсек, көп ийгиликтерге жана алдыга койгон максатыбызга биргеликте оңой жетебиз” - деди “Аруузат” эне мектебинин жетекчиси Жылдыз Капарова.
Кезектеги жолугушуу Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы Ишкаван айылында болоору белгиленди.
Эрлан Давлатов, Ош облусу