Балдар биздин бактыбыз
20.06.2017 16:28
Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата, Ош шаарындагы кыймыл-таяныч-тутумундагы мүмкүнчүлүгү чектелеген балдардын ден-соолугун калыбына келтирүү борборунда "Балдар биздин бактыбыз" аталышындагы иш-чара 2017-жылдын 1-июнунда болуп өттү.
Майрамдык кеченин катышуучуларын жаш жеткинчек бөбөктөрүбүз, таланттуу балдар, кыздар толуктап ата-энелерге, жалпы келген көрүүчүлөргө эң мыкты майрамдык маанай тартуулашты. Аны менен катар иш-чаранын алкагында бир катар балдарга арналган оюн-зоок программалар уюштурулду. Бул майрамга аталган борбор жана “Ар бир балага үй-бүлө” коомдук фонду Ош шаарынын мэриясын, жогорку окуу жайларды жана буга чейин өнөктөш болгон уюмдардан “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесин чакырып, чогуу бул саамалыкты белгилешти. Болуп өткөн иш-чарада ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жаш өспүрүмдөргө келген коноктор жана өнөктөш болгон уюмдар тарабынан жакшы каалоо-тилектер айтылып, маанайын көтөрүүчү белектер тартууланды. Ал эми “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси “Балдар биздин бактыбыз” иш-чарасын уюштурууда өнөктөш катары жардам көрсөткөндүгү үчүн Ош шаардык мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден-соолугун калыбына келтирүү борборунун жетекчиси Зарифа Акматова жана “Ар бир балага үй-бүлө” коомдук фондунан Олмасхон Джумашова өздөрүнүн ыраазычылыгын билдирип, мындан арыда мындай иш-чараларды биргеликте өткөрүү өз ойлорун айтышты.
Э. Давлатов, Ош облусу