Таанылган өнөр адамы болууну самайт
20.06.2017 16:53
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында долбооорго кирген мектептерде иштеп жаткан ийримдер балдардын талантын ачууга, өнөрүн өркүндөтүүгө, келечекте туура жол, туура кесип тандап алууларына жакшы шарт жаратып жаткандыгы ачык эле байкалууда.
Анын бир мисалы катары Акылбеков Тимурду айтсак болот. Ал Базар-Коргон районундагы №30-Өлмөскан Атабекова атындагы орто мектептин 7-классын аяктады. Ал жаштайынан татаал тагдырга кездешти, тактап айтканда, ата-энеси ал кичине кезинде ажырашып кетишкен. Азыр апасы Россияда иштеп, иниси Ильич экөө бир тууган таэжесинин колунда тарбияланып жатышат. Ал өтө шыктуу бала. Аталган долбоордун алкагында уюшулган “Этноансамбль” ийримине келип, анын жетекчиси Бурул Стамкуловадан жакшы сабак алып жаткан кези.
- Менин окуучуларымдын ичинен Тимурда өзгөчө шык, талант бар. Ал темир комуз жана комузду бир эле мезгилде өздөштүрүп жатат. Таэжеси да анын өнөр үйрөнүүсүнө кызыкдар. Комуз менен ооз комузду сатып берди. Сабакка катышуусун дайыма сурап, мени менен аңгемелешип турат. Азыр ал эки аспапта кыргыздын күү кайрыктарын жакшы үйрөнүп калды. Мен анын келечегин азыр эле көрө баштадым. Анткени, ал өзү да кыргыздын таанылган өнөр ээлеринин бири болгусу келээрин көп айтат. Ушул акысыз өнөр үйрөнүп жаткан ийримдер деле балдарга чоң дем, шык бере алат. Азыр долбоорго кирген Базар-Коргон районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жатак мектебинен, ушул эле райондогу Токтогул Сатылганов атындагы орто мектептен жана Жалал-Абад шаарындагы №7-Алым Усман атындагы орто мектептен он бешке жакын окуучу кыргыздын улуттук аспаптарын жакшы өздөштүрө башташты - дейт, аталган ийрим жетекчиси Бурул Стамкулова.
Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу