520.06.2017    17:07

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын чыңдоо долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман айыл аймагына караштуу Жараке айылында жайгашкан “Ынтымак” “Эне мектеби” өз окуучуларын мектепке узатты.

Бул жай мурда мечит эле. Айылдык кеңештин депутаты Кишимжан Боронбаева ушул айылдын активдүү кыз келиндеринин башын кошуп, Өз жардам тобун уюштуруп, аларды өзү жетектеп, айыл аймагынын жетекчилигине маселени кое берип, акыры каралбай калган Мечиттин имаратын өткөрүп алышкан. ӨЖТ мүчөлөрү мындагы оңдоп –түздөө иштерин өз күчтөрү менен жүргүзүшкөн. Натыйжада беш чакан болмөдөн турган элүү орунга ылайыкташкан Бала бакча пайда болду. Кийин аны “Эне мектеби” катары иштетишип, он эки кыз-келин жумуш менен камсыз болду. Азыр 64 бала болсо, алардын он тогузун мектепке узатышты. Аларды мектепке узатуу салтанаты ата-энелердин катышуусунда өтүп, майрамга айландырышып, бөбөктөр ушул жердеги эжейлери үйрөткөн ырларды ырдап, бийлеп, анан “Токой жаныбарларынын үйү” деген жомокту коюп беришти.

“Эне мектебинин” жетекчиси Алтынкүл Пиназарованын айтымында айылдагы ӨЖТ мүчөлөрү тез-тез келишип, алардын жашоо абалынан кабар алып турушат. Кем карчтары болсо, аны айыл аймактын жетекчилиги менен биргеликте бүткөрүп беришет. Мында албетте, “Эрайым” АКБнын облусттагы активисттери четте калышпайт. Аталган долбоордун ӨЖТ боюнча облустагы тирекчиси Кишимжан Боронбаева, “Эне мектеби” боюнча тирекчиси Дилфуза Назаралиевалар тез-тез келип, абалыбызды сурап турушат-дейт ал.

Ал эми мектепке узап жатышкан он тогуз бөбөк ушул күнду эсте калаарлык маанайда өткөрүштү. Алар мындагы үйрөңгөндөрүн ата-энелерине белек катары тартуулашса, ата-энелери, “Эне мектептеги” тарбиячылар алар үчүн да белектерин беришти. Белгилей кетели бул айылда Союз мезгилинде да Бала бакча болгон эмес. Айылдагы дагы бир ӨЖТ мүчөлөрү экинчи Бала бакчаны ачууга аракет көрүп жатышат. Бул үчүн алар Акман айыл аймагынын жетекчилиги менен иш алып барышууда.

1

2

3

6

Бактыкан АЖЫМАМАТОВА, Жалал-Абад облусу