104.10.2017   19:42

Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун колдоосунда “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Базар-Коргон районундагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепте уюшулган Балдардын өз жардам топтору “Тынчтык акциясын” уюштурушту.

Мындагы максат жергебизде дайыма тынчтык жана биримдик орноп, элибиз ынтымакта, бактылуу жашашса. Жашообуз гүлдөп, экономкабыз жогоруласа, жаштарыбыз билимдүу жана мекенине таза, ак дилден кызмат кылган адистерден болсо. Ар бир адам,ал улуу болобу же кичүү болобу, жашына, жынысына, улутуна бөлүнбөстөн Кыргызстан деген касиеттүү өлкөдө бактылуу жашашса деген тилек кылышты. Мындай иш чаранын негизги уюштуруучулары мектептеги “Ак илбирс” жана “Бейпилдик” БӨЖТлары болушту. Анда балдар өз демилгелери менен жасаган буюмдар, тарткан сүрөттөрүн да көргөзмөгө коюшуп, тынчтык, мекен, ата-эне, мектеп жана достук туурасында ырлар аткарылып, бийлер бийленди. Балдардын мындай майрамына “Эрайым” АКБсынын Жалал-Абад облусундагы активисттери, мектептин мугалимдери жана окуучулары күбө болушту.

2

3

4

Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу