106.12.2017   15:34

Үстүбүздөгү жылдын 22-ноябрында Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата айылында Улуу Британиянын CAF (Charities Aid Foundation) кайрымдуулук уюму тарабынан колдоого алынган “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин “Аймактарда ӨЖТ Биримдиктерин түзүү” долбоорунун алкагында уюшулган өз жардам топторунун (ӨЖТ) жалпы жыйыны болуп өттү.

Жыйындын негизги максаты “Бакай-Ата” айылындагы ӨЖТ Биримдигин түзүү. Бул иш-чаранын алкагында айылдагы “Киреше”, “Береке”, “Арзымат”, “Бакубат” жана “Асыл” өз жардам топторунун мүчөлөрү ӨЖТ Биримдигин негиздөө менен бирге Биримдиктин жобосун кабыл алып, башкаруу органдарын шайлашты. Жыйынга “Бакай-Ата” районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Айжан Шамбетова, “Бакай-Ата” айыл өкмөтүнүн өкүлү Асан Танаев, райондук аялдар комитетинин төрайымы А. Мамбетова, райондун социалдык коргоо башкармалыгынын кызматкери А. Шабданова, айылдык кеңештин депутаты Р. Молдалиева, айыл активи Ф. Жээнтаева, “Эрайым” АКБнын төрайымы Рахила Жусупова, “Эрайым Береке” кичи каржылык агенттиктин кызматкери Алтынай Сабырбекова жана “Эрайым” АКБнын ӨЖТ тирекчилери Абдылас Кошумбаев, Эльмира Сепишовалар катышышты.

Жыйынды алып баруучу катары “Эрайым” уюмунун ӨЖТ боюнча тирекчиси Абдылас Кошумбаев ачып, алгачкы сөздү уюмдун “Бакай-Ата” району боюнча жергиликтүү тирекчиси Келсин Мамбеталиевага берди. Ал өз сөзүндө айылдагы ӨЖТнун түзүлүү жана өнүгүү жараяндарына баяндама жасап, “Эрайым” АКБсы тарабынан берилген алгачкы маалыматтар, окуу-көнүгүмдөр, иш- тажырыйбалар өнүгүүгө чоң өбөлгө түзгөнүн баса белигилеп кетти. Андан соң айылдагы 5 ӨЖТ жетекчиси өздөрүнүн топтору кандайча уюшулгандыгы, экономикалык, тирлик, экологиялык, маданий жана шыкактоо багытындагы иштери жөнүндө жыйындын катышуучуларына айтып беришти. Кийинки сөз “Эрайым” уюмунун төрайымы Рахила Жусуповага берилип, ал Республика боюнча ӨЖТ Биримдигин түзүү боюнча учурдагы аракеттер жана аткарылып жаткан долбоорлор жөнүндө маалымат менен бөлүштү. “Эрайым Береке” кичи каржылык агенттиктин кызматкери Алтынай Сабырбекова топторду насыялоо боюнча маалыматтарды берип, мыйзамда болгон өзгөрүүлөргө токтоло кетти.

Биримдиктин жобосун талкуулоо жана кабыл алуу ар бир топтун өкүлдөрүнүн катышуусу менен өтүп, бир добуштан кабыл алынды. “Бакай-Ата” Биримдигине 5 ӨЖТнан 2 өкүлдөн сунушталып, 10 өкүл шайланды. Ушул эле жыйындын алкагында Биримдиктин ордосу 3 жылдык мөөнөткө шайланып, декабрь айында биринчи чогулушун өткөрүү чечими кабыл алынды.

Жыйындын аягында коноктор дагы иш-чарага болгон ой-пикирлери менен бөлүшүп, өз каалоолорун айтышты.

“Бакай-Ата” районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Айжан Шамбетова өз сөзүндө айылда чогуу иш алып барууга катышуучуларды чакырып, ал ӨЖТнун Биримдиктери менен тыгыз кызматташууга жана маалымат алмашууга даяр экендигин билдирди. Райондо туризмди өнүктүрүү алкагында ишкерликти өнүктүрүү боюнча долбоорлор тартылып жаткандыгы жөнүндө маалымат берип, кызыккан топторго администрация тарабынан дайыма колдоо болооруна ишеним арттырды.

Айыл өкмөтүнүн өкүлү көчөлөргө суу киргизүү, жарык орнотуу, тазалык иш-чараларында ӨЖТнун мүчөлөрү менен биргеликте иш жүргүзгөнүн айтып, айылдагы көйгөйлөрдү чогуу чечүүдө мындан ары да ӨЖТ жана 5 ӨЖТнан түзүлгөн Биримдик менен кызматташууга даяр экенин билдирди.

Райондук аялдар комитетинин төрайымы А. Мамбетова, райондук социалдык коргоо башкармалыгынын өкүлү А. Шабданова жана айылдык кеңештин депутаты Р. Молдалиева, айыл активи Ф. Жээнтаева “Бакай-Ата” айылында ӨЖТнун санын көбөйтүү боюнча сунуштарын айтып, тажырыйба алмашуу, окутуу жана тиректөө жагын суранышты. Көпчүлүк айылдын аялдарынын жана жашоочуларынын ӨЖТна кызыгуу бар экенин айтышып, бул багытта иш алып баруу жагын сунушташты.

ӨЖТ Биримдигин түзүүдө долбоорго жигердүү катышып жүргөн ӨЖТ мүчөлөрүнө “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ыраазычылык баракчасы салтанаттуу түрдө тапшырылды.

2

3

4

5

6

7

8

9

10

Абдылас Кошумбаев, “Эрайым” АКБнын ӨЖТ тирекчиси