119.04.2018  18:22

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө долбоорунун” алкагында Жалал-Абад облусунда долбоорго кирген Базар-Коргон районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы гимназия жатак мектебинде, ушул эле райондогу Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепте жана Жалал-Абад шаарындагы Чынгыз Айтматов аймактык башкаруусуна караган Алым Усман атындагы орто мектепте уюшулган англис тили ийриминин жетекчиси Айсулуу Орозова изденүүчүлүк менен иш алып барууда.

Ал ар бир мектепте англис тили ийримине катышкан балдарга тил үйрөтүүнүн жаңы ыкмаларын колдонууга аракет жасайт. Акыркы технологияны колдонот. Ошону менен катар башка уюмдар менен алка түзүү жана айрым жогорку окуу жайларына тажрыйба алмашуу иш чараларын уюштурат.

- Жакында Жоомарт Бөкөнбаев атындагы гимназия мектебиндеги “Насаатчы” жана “Жаштар” ӨЖТ мүчөлөрү болушкан, ошону менен катар ийримдин активдүү катышуучулары Ош шаарындагы Америка Ордосунда атайын окуу-көнүгүмүндө үч күндүк программа менен болушуп, компьютерди тереңдетип үйрөнүп кайтышты. Мында алар Word, Excel, PowerPoint программаларын үйрөнүп кайтышты. Аны атайын Америка жергесинен келген ыктыярчы Бен жана жергиликтүү тирекчи Замир мырзалар өтүштү. Окуу-көнүгүмдүн соңунда бардык катышуучулар сертификат алышты. Эми алар мектепте жана башка жайларда компьютерди эркин иштете алышат ошол эле мезгилде кийинки келечектерине арыштуу кадам таштай алышат - дейт Айсулуу айым.

1

3

2

Бактыкан АЖЫМАМАТОВА, Жалал-Абад облусу