120.04.2018   22:22

Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагына караштуу Ишкаван айылындагы №117-К. Маткеримов атындагы орто мектебинде ушул жылдын 12-13-апрель күндөрү “Эрайым”аялдар коомдук бирикмесинин Ош облусундагы Коомчулук менен байланышуу түзүү кызматкери Давлатов Эрлан, Укук кеңешчи Кадирходжаев Дилшод, Психолог Анарбаева Дилфуза баштаган кызматкерлер тарабынан “Биз кылмыштуулука каршыбыз” аталышындагы иш-чара жана “Лидерлик Дебат” уюштурулду.

Бул иш-чарага мектеп мугалимдери, окуучулары жана ата-энелер, Кара-Суу районунун ар кайсыл мектептеринен келген коноктор, ӨЖТ, БӨЖТ мүчөлөр жана “Эрайым”АКБнын жалпы кызматкерлери катышышты.

Эң биринчи келген конокторго жана мугалимдерге окуучулар тарабынан даярдалган “Биз кылмыштуулукка каршыбыз” аталышындагы сүрөт көргөзмөсү көрсөтүлдү. Ал эми экинчи бөлүгүндө “Лидерлик Дебат” уюштурулуп аталган мектептен Лидерлик ийримине катышкан активдүү мүчөлөр командаларга бөлүнүп кылмыштуулуктун алдын-алуу, мектепте окуучулар бирдей форма кийүүсү, телефон көтөрүп жүрүү, компьютер колдонуу сыяктуу актуалдуу болгон темаларды талкуулашып күч сынашты. Үчүнчү бөлүгүндө болсо форум-театр ийриминин мүчөлөрү тарабынан даярдалган “Кумар оюндарына жолобо” пьесасы тартууланып жыйынтыкталды.

Лидерлик дебаттын максаты – окуучуларды так, туура ойлонуп, натыйжалуу сүйлөө жөндөмдүүлүктөрүн арттыруу жана мектептер арасында байланышты чыңдап, биримдикти камсыздоо. Белгилей кетсек дебатка катышкан командалардын мүчөлөрү Лидерлер ийримине жыл башынан бери катышып даярданышканын ийрим мүчөлөрү билдиришти.

Бул иш-чаранын негизги максаты – өспүрүмдөрдүн туура эмес жолдорго кирип калыштарын алдын алуу. Иш-чаранын соңунда Укук кеңешчи жана психолог тарабынан келген ата-энелерге жана мектеп окуучуларына кылмыштуулукту алдын-алуу боюнча кеңештер берилди.

2

3

4

6

7

5

8

Эрлан Давлатов, Ош облусу