120.04.2018   22:30 

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу II-тайпа усулдук бирикмесинин Нариман, Кызыл-Кыштак, Төлөйкөн айыл округундагы мектептер ортосунда 2018-жылдын апрель айында мугалимдер спартакиада зона биринчилиги болуп өттү.

Ага Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы Ишкаван айылында жайгашкан №117-К.Маткеримов атындагы мектебинен “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан мугалимдерден уюшулган “Байбол” ӨЖТ мүчөлөрү спорттук мелдешке мыкты даярдыкта катышып, спорттун үч түрү боюнча жеңишке ээ болушту.

Бул мугалимдер ортосундагы спартакиада зона биринчилигинде кыргыздын улуттук оюндарынын “Ордо” оюнун мыкты деңгээлде ойноп “Байбол” ӨЖТ мүчөсү Бөрүбай уулу Бектурсун I-орунду ээледи, шахмат жана тенис боюнча өткөрүлгөн мелдеште биздин топтун мүчөлөрү I-II-орундарды ээлешип уюшутуруучулар тарабынан ардак грамота жана кубоко ээ болуп келенин аталган топтун жетекчиси Айнагүл Исакова кубануу менен билдирди жана эми буюрса алдыдагы мугалимдер арасында өтүүчү валейболго кызуу даярдык көрүп жатканын айтып өттү.  

2

3

4

5

Эрлан Давлатов, Ош облусу