220.04.2018  22:35

Кара-Суу районунун Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында «Эрайым»АКБсы тарбынан уюшулган БӨЖТ мүчөлөр жана Лидерлик ийриминен футболго кызыккан мүчөлөрү ушул жылдын 14-апрель күнү Ош шаарында жаңыдан ачылган А.Момунов атындагы футбол академиясына сапар жасашты.

Катышуучулар жана уюштуруу тобун футбол академиясында футбол боюнча мыкты машыктыруу Баргой уулу Бакыт мырза эки саат аралыгында тааныштырып, футболдун тарыхын балдарга айтып берип, акырында кызыктуу болгон маек жана суроо-жооптор болду.

Бул иш-чаранын максаты окуучуларды сергек жашоого үндөө, спортко кызыгуусун арттыруу жана спорт аркылуу мектептер ортосундагы өз ара мамилени жакршыртуу, окуучулар арасындагы коомдук-социалдык абалды жакшы жака өзгөртүү, достук көпүрөсүн чыңдоо, достукту даңазалоо жана спортту сүйүү максатында футбол академиясына саякат уюштурулганын Лидерлер ийриминин жетекчиси Давлатов Эрлан билдирди.

Үч мектептен чогулган балдар футбол академиясында көп маалыматтарга ээ болуп, ушул жерде окусак деген максаттарында жашырган жок жана катышуучулар бири-бирине болгон ишеними күчөп, достугун бекемдей алышты.  

3

4

5

6

1

2

Эрлан Давлатов, Ош облусу