126.04.2018  16:50

«Эрайым» аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан «Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө» долбоору боюнча орус тили ийримин жетектеп жаткан Давлатова Аксана долбоорго кирген Базар-Коргон районундагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебинде ийримдин катышуучулары менен “Мекеним менин Кыргызстан, мен сени жан дилим менен сүйөмүн” аталышында кече уюштурду.

Анда окуучулар ийримге катышкандан бери эмнелерди үйрөнө алышты жана орус тили аларга эмнелерди үйрөнүүгө өбөлгө болуп жаткандыгын орус тилинде айтып берип жатышты. Ийрим катышуучусу Маканбай кызы Чынаранын айтымында “бул ийрим анын турмушуна жакшы таасир этип, орусча сүйлөгөнгө гана каныкпастан, ырларды жаттап, орус элинин классик акын, жазуучуларынан чыгармаларын эркин окуп калды. Ошол эле мезгилде мектепти аяктагандан кийин сыртка чыгып окуй турган болсо, же иштесе орус тилинен эч кандай кыйынчылык болбойт” деген ишеничи бар.

Бул кечеге “Эрайым” АКБсынын Жалал-Абад облусу боюнча тирекчиси Кишимжан Боронбаева күбө болуп, Кыргызстан деген ыйык Ата журтубузду баалай, барктай жана сүйө билгендигин ырларда айтып жаткан окуучуларга ыраазычылык билдирди. Ал эми ийрим жетекчиси Аксана Давлатова “бул мектепте орус тилин үйрөнүүгө ынтызаар болгон окуучулар көп. Алардын арасынан шыктууларын, аракетчил анан жоопкерчиликтүү балдарды ийримге тарткан. Азыр туруктуу сабак алып жаткандар он беш. Мындай кечелерди, сынактарды тез-тез уюштуруп турабыз”- дейт.

2

3

4

5

Бактыкан АЖЫМАМАТОВА, Жалал-Абад облусу