Ийрим мүчөлөрү “Америка ордосунда” мейманда болушту
14.06.2018 16:58
“Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоору боюнча Жалал-Абад облусундагы долбоорго кирген мектептерде уюшулган англис тил ийриминин жетекчиси Айсулуу Орозова өз окуучуларын Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдында ачылган “Америка ордосуна” алып барып, саякат жасатып келди.
Бул ирет ийримдин катышуучулары бул ордого атайын Америка жергесинен келген ыктыярчылар менен жолугушушту. Алардын сабагына катышышты. Англис тилинде эркин сүйлөөнүн жана маектешүүнүн ыкмаларын үйрөнүштү.
- Мен жетектеп жаткан англис тил ийриминин катышуучулары буга чейин аталган ордодо бир нече жолу болушкан. Ал жерден англис тилин терең үйрөнүүгө бардык шарттар бар. Окуу куралдары, көрсөтмө куралдар, азыркы технологиялардын керектүүлөрүнүн бардыгы бар. Андыктан теория менен практиканы айкалыштырып сабак өтүүдө бул борбордон көп нерсени үйрөнсө болот. Ал эми бул ирет Базар-Коргон районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жатак мектебинде жана Токтогул Сатылганов атындагы орто мектеп менен Жалал-Абад шаарындагы №7-Алым Усман атындагы орто мектептеги англис тил ийриминин активдүү катышуучулары келишти. Ушул күнү окуу жайда балдардын чыгармачылыгы боюнча көргөзмө уюшулган экен. Мында айрыкча учуучу дронддордун көргөзмөсү балдарга жакты. Аны кандай жасоонун жолдору жана колдонуу ыкмалары менен таанышышып, аны жасаган балдар менен жолугушту. Америкадан келген ыктаярчылар да ушул жабдыкка кызыгышкандыгын белгилешти. Бул жолугушуу балдардын эсинде калды.-деп белгилейт Айсулуу Орозова.
Бактыкан АЖЫМАМАТОВА, Жалал-Абад облусу