logos

 

 

"ЭРАЙЫМ" АЯЛДАР КООМДУК БИРИКМЕСИ

 

"Жакшы жашоо үчүн!"

Жаңылыктар

Балчылык - кирешелүү ишкердик

025.03.2019  17.00

Үстүбүздөгү жылдын март айында Мады айылындагы “Курманжан Датка” Биримдигинин мүчөлөрү балчылык ишкердигин өздөштүрүү жана өнүктүрүү максатында демилге көтөрүшүп, Ош Малекеттик Университетинин студенттери тарабынан уюшулган “Энактус” уюмунун “Балчылык – кирешелүү ишкерлик” аталышындагы окуусуна катышышты.

Толугураак...

БӨЖТнын кыздары үчүн “Чамдагыла кыздар, ай” сынагы өттү

125.03.2019  16:19

Кыргыз элинин абалтадан келе жаткан улуттук каада-салттарын азыркы жаштарга жайылтуу, башка улуттардын да маданиятын таанытуу максатында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун Жалал-Абад облусу боюнча психологу Жылдыз Калдарбекованын демилгеси менен Базар-Коргон районундагы Ж. Бөкөнбаев атындагы жатак мектебиндеги Балдар өз жардам топторунун арасында “Чамдагыла, кыздар ай” аталышында сынак уюштурулду.

Толугураак...

Кара-Суу районундагы №16-Абу Али ибн Сино мектебине жаңы имарат салынуусу күтүлүүдө

112.03.2019 17.11

2019-жылдын 2-мартында №16- Абу Али ибн Сино мектебинде Шарк айыл аймагында “Шарк” Биримдигинин мүчөлөрүнүн, мектеп жамаатынын, ошондой эле Айылдык Кеңештин депутаттарынын демилгеси менен уюшулган жыйын болуп өттү. Жыйынга жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү жана “Катар” фондунун өкүлү Токтосун Мураталиев катышышты.

Толугураак...

Кара-Суу районундагы ӨЖТ Биримдиктери тажрыйба алмашышты

112.03.2019  16.53

2019-жылдын 28-февралында Ишкаван айылында Кара-Суу районунда Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында Кара-Суу районунда түзүлгөн “Курманжан Датка”, “Шарк” жана “Керме-Тоо” Биримдиктеринин тажрыйба алмашуусу болуп өттү.

Толугураак...

Азгырыктын арты өкүнүч

112.03.2019  16.19

Ар кандай диний агымдардын, же коомго жат уюмдардын азгырыгына дээрлик өспүрүм балдар дуушар болуп жаткандыгы байкалат. Анткени, алар ишенчээк болушат. Мына ошондой тагдырга туш болгон мектеп окуучусу тууралуу сценканы Базар-Коргон районундагы Токтогул атындагы №5 гимназия мектебинин окуучулары ушул эле мектептин агай-эжейлерине жана окуучуларына тартуулашты.

Толугураак...

Долбоор кызматкерлери “Биринчи жардам” окуусунан өтүштү

026.02.2019  11.08

“Эрайым” уюму уюмдук өнүгүү максатында өз кызматкерлерин дареметин көтөрүү үчүн ар тараптуу окууларды уюштуруп турат.

Үстүбүздөгү жылдын 12-16-февралдарында Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында долбоордун Ош жана Жалал-Абад облусундагы 17 кызматкерине 16 сааттык “Биринчи жардам” окуу курсу уюштурулду.

Толугураак...

“Мектеп, ата-эне жана коом”

209.02.2019   16:03

2019-жылдын 28-январында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл аймагындагы №16-Абу Али ибн Сино атындагы орто мектебинде “Мектеп, ата-эне жана коом” аталышындагы иш чара болуп өттү.

Толугураак...

«Шарк» Биримдигинин жыл башындагы кайрымдуулугу

109.02.2019  15:54

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айыл аймагында уюшулган «Шарк» Биримдигинин мүчөлөрү жыл башында өздөрүнүн ортолук сактоолугунан беш миң сомду кайрымдуулук багыты үчүн жумшашты.

Толугураак...

№117- К. Маткеримов мектебинин окуу бөлмөлөрүнө жылыткычтар орнотулду

109.02.2019   15.46

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айыл аймагында жайгашкан №117-К.Маткеримов атындагы орто мектебинин окуу бөлмөлөрүндө жылуулук жок болгондугуна байланыштуу аталган мектеп буга чейин кыштын суук айларында шарт жоктугунан улам окуучуларга сабак өтүлбөй калган учурлар көп болгон.

Толугураак...

Аракетчил кыз Шахноза

101.02.2019  14.50

Жумабаева Шахноза 14 жашта. Ал Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылында №26 Кудайбердиева атындагы орто мектебинин окуучусу. Анын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенине байланыштуу мектепке өзү барып келе албайт.

Толугураак...

Галерея

2

Достор менен бөлүш

Аба ырайы

Кыргызстандагы аба ырайы
logo BftW
australian aid blue and red
Erayim Aid Trust UK  ASA Desktop
logo GAMSUMO ru