logos

 

 

"ЭРАЙЫМ" АЯЛДАР КООМДУК БИРИКМЕСИ

 

"Жакшы жашоо үчүн!"

Жаңылыктар

Ашкана сырларын үйрөнүү – ишкерликтин башаты

020.04.2018  21:05

Кара-Суу районунун Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында “Эрайым”АКБсы тарабынан уюшулган ӨЖТ, БӨЖТ мүчөлөрүнөн ушул жылдын апрель айында “Данида” Коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган бир күндүк “Повар - кондитер” окуу көнүгүмүнө катышып, ашкана сырларынан мантынын жасалуу ыкмаларын үйрөнүп беш түрүн жасоону өздөштүрө алышты жана элге кеңири керектелип жаткан шириндиктерден чий борсок жасоону мыкты деңгээлде үйрөнүштү.

Толугураак...

ӨЖТ мүчөлөрү сертификат алышты

119.04.2018  18:22

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө долбоорунун” алкагында Жалал-Абад облусунда долбоорго кирген Базар-Коргон районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы гимназия жатак мектебинде, ушул эле райондогу Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепте жана Жалал-Абад шаарындагы Чынгыз Айтматов аймактык башкаруусуна караган Алым Усман атындагы орто мектепте уюшулган англис тили ийриминин жетекчиси Айсулуу Орозова изденүүчүлүк менен иш алып барууда.

Толугураак...

Турмуштук көйгөйлөр Форум театрда

103.04.2018  17:54

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунун долбоорго кирген Базар-Коргон районундагы Токтогул Сатылганов атындагы орто, Жоомарт Бөкөнбаев атындагы гимназия жатак жана Жалал-Абад шаарындагы №7-Алым Усман атындагы орто мектептерде уюшулган “Форум театр” ийримине жалпы 38 окуучу тартылган.

Толугураак...

“Этноансамблдин” сапары

203.04.2018   15:30

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоору боюнча Жалал-Абад облусундагы бул долбоорго кирген мектептерде уюшулган “Этноансамбль” ийримин белгилүү обончу жана дастанчы, кыргыз элинин кыйырына таанымал таланттуу айым Бурул Стамкулова жетектейт.

Толугураак...

Юристтин жардамы

228.03.2018   17:28

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусундагы долбоорго кирген аймактын тургундарына юридикалык жардам көрсөтүү багытында иштеп жаткан Гүлнара Ташиева жыл башынан бери отузга жакын жаранга укуктук жардам көрсөттү.

Толугураак...

Мырзалар достук таймашта - 2018

128.03.2018  16:57

Базар-Коргон районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы гимназия жатак мектебинде уюшулган Балдардын өз жардам тобунун ортосунда “Мырзалар достук таймашта” аталышындагы сынак өткөрүлдү.

Толугураак...

“Жакшылык” өз жардам тобунун жакшы иштери

128.03.2018  16:25

Базар-Коргон районундагы Акман айыл аймагына караган Кош-Коргон айылында он бир аялдан турган “Жакшылык” Өз жардам тобу бар. Алардын мындай биригүүсүнө “Эрайым” аялдар бирикмесинин таасири чоң болду. Себеби, ал уюмдун активисттери атайын келишип, азыркы кездеги бир катар өнүккөн мамлекеттердин өнүгүү жолундагы чыйыры мына ушундай Өз жардам топторунан башталган мисалдарды келтирип, атайын окуу көнүгүмдөрүн өтүшкөн.

Толугураак...

"Экожүрүш" өнөктүгү

328.03.2018   14:38

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Базар-Коргон районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы гимназия жатак мектебиндеги, Токтогул атындагы жана Ысак уулу Тешебай атындагы орто мектептердеги Балдардын өз жардам топтору айлана чөйрөнүн тазалыгын сактоо жана аталган аймакта жүрүп жаткан “Жашылдандыруу, көрктөндүрүүнүн үч айлыгы” иш чарасына салым кошуу максатында “Экожүрүш” жасашты.

Толугураак...

“Ширин” эне мектебиндеги Нооруз майрамы

028.03.2018  14:30

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында “Ширин” аталышындагы эне мектеби иштей баштаганына бир топ убакыт болуп калды. Бул эне мектеби долбоордон сырткары аймакта долбоордун таасири менен түзүлгөн.

Толугураак...

САРМЕРДЕН - 2018

124.03.2018  19:08

Үстүбүздөгү жылдын 21-мартында Кызыл-Кыштак айыл аймагында “Эрайым” уюмунун “Дүйнөгө нан” эл аралык уюму колдоого алган «Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө» долбоорунун алкагында уюшулган ӨЖТ мүчөлөрү тарабынан “Сармерден-2018” майрамы уюштурулуп, Коммунист айылында салтанаттуу түрдө белгиленди.

Толугураак...

Галерея

2

Достор менен бөлүш

Аба ырайы

Кыргызстандагы аба ырайы
logo BftW
australian aid blue and red
Erayim Aid Trust UK  ASA Desktop
logo GAMSUMO ru