logos

 

 

"ЭРАЙЫМ" АЯЛДАР КООМДУК БИРИКМЕСИ

 

"Жакшы жашоо үчүн!"

“Жашообуз өз колубузда” долбоору элетте

1

17.04.2023  10:41

“Жашообуз өз колубузда” долбоору өз ишин элет жерлеринде баштады. Бул жаңы долбоор Америка Кошмо Штаттарынын “ЭЛКА” (ELCA) Эл аралык уюмунун каржылык колдоосу менен “Эрайым” уюму тарабынан 2023-жылдын 1-февралынан 2025-жылдын 31-январына чейинки аралыкта ишке ашырылат.

Долбоордун негизги максаты - Кыргыз Республикасынын түндүгүндөгү жана түштүгүндөгү алыскы айыл жерлеринде калктын аярлуу катмарынын, өзгөчө аялдардын жашоо сапатын жакшыртууга салым кошот.

Долбоор Кыргызстандын 4 аймагында, атап айтканда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айыл аймагынын Учкун айылында, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Бешик-Жон айыл аймагынын Жон айылында, Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Тогуз-Булак айыл аймагынын Тогуз-Булак айылында жана Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айыл аймагынын Чаек айылында ишке ашат.

Долбоордун натыйжасында 3 жылдын ичинде 3 негизги маселе чечилет: биринчиден, аялдардын ишкерлик ишмердүүлүгү үчүн шарттар жакшыртылат; экинчиден, жергиликтүү керектөөлөрдү жана көйгөйлөрдү чечүү үчүн чарба жүргүзүүдө туруктуу ыкмалар киргизилет; үчүнчүдөн, аярлуу топторго, өзгөчө аялдарга колдоо көрсөтүүчү Коомчулукка негизделген колдоо системасын (CBSS) түзүлөт.

Долбоордун биринчи бет ачаары Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тогуз-Булак айылында 2023-жылдын 12-апрелинде, ал эми Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылында 13-апрелинде болуп өттү. Иш чарага өз жардам топторунун мүчөлөрү, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү жана башка кызыкдар тараптар катышышты. Бет ачаарлар “Эрайым” АКБнин жетекчиси Рахила Жусупова тарабынан ачылып, ал уюм жөнүндө катышуучуларга айтып берди. Андан соң жаңы долбоор жөнүндө кенээн маалыматты долбоордун координатору Алтынай Сабырбекова айтып берди.

Иш чаранын соңунда катышуучулар долбоор боюнча аларды кызыктырган суроолорду беришип, аларга жоопторду алышты. Жаңы долбоор элет жеринин көйгөйлөрүн чечүүгө багытталып, жергиликтүү экономикалык өнүгүүгө да салым кошот деген ишеничтебиз.  

2

3

4

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

16

Эрайым-Пресс 

 

Youtube баракчабыздан көрүңүз

Галерея

2

Достор менен бөлүш

Аба ырайы

Кыргызстандагы аба ырайы
logo BftW
australian aid blue and red
Erayim Aid Trust UK  ASA Desktop
logo GAMSUMO ru