ӨЖТ Биримдигинин мүчөлөрү жергиликтүү кеңешке депутат болушту
20.04.2021 10:23
Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында аталалган аймакта 3 ӨЖТ Биримдиктери түзүлүп, долбоордогу беш багыт боюнча жигердүү иш алып барышууда.
Белгилейт кетсек “Курманжан Датка”, “Шарк” жана “Керме-Тоо” биримдиктери ушул жылда болуп өткөн президенттик, шаардык, айылдык шайлоолорго активдүү катышышты. Ал эми ӨЖТ мүчөлөрү шайлоонун таза жана тынч өтүүсү үчүн өздөрү демилге көтөрүп, айыл өкмөт тарабынан атайын уюштурулган окууларга, жыйындарга катышып, билим деңгээлин жогорулатып шайлоого байкоочу, оператор болууну терең өздөштүрүп, өлкөнүн өнүгүшүнө өздөрүнүн колдон келген салымдарын кошуп келүүдө дейт; - ӨЖТ тирекчиси Нарынкүль Дюшеналиева.
Ошондой эле айылдагы көйгөйлөрдү чечүүдө айылдык кеңештен шайланган депутаттардын ролу жогору экенин түшүнгөн Кара-Суу районундагы ӨЖТ Биримдиктери шайлоо өнөктүгүндө “Эрайым” АКБдан окуп үйрөнгөн окуулардан шыкактоо жана талам талашуу принцибин колдонуу менен натыйжада Мады айылдык кеңешинин депутаттыгына “Курманжан Датка” Биримдигинен Бөрүбаева Гүлсүн Чомоевна, ал эми “Шарк” Биримдигинен Юлдашева Ранохан Шарк айылдык кеңешине депутаттыгына ат салышып, жалпы ӨЖТ мүчөлөрдүн колдооосу жана буга чейинки эл үчүн жасаган жумуштары менен жергиликтүү айылдык кеңешке депутат шайланышты.
Эрлан Давлатов, Ош облусу